alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Жаңылыктар

Элмирбек дайыма жума күндөрү ыйлачу

Маркум Элмирбектин эжеси аны минтип эскерет:
«Азыр ойлосом, Элмирдин ыйлаганы да башкача экен. Бир ыйласа басылчу эмес. Апам «бул жума күнү ыйлайт» деп калчу. Башында сооротобуз деп баарыбыз күл-ала болгонбуз. Апам айтмакчы, чын эле байкасак, жума күнү эртең менен бир нерсени шылтоо кылып ыйлап, өзү токтомоюн басылбайт экен.»
Кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев бугун ооруканадан каза болгонун жакындары тастыкташт. Ал көп жылдан бери кант диабети менен ооруп жүргөн. Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кадимки Эшмамбет акындын небереси болот. Жогорку билимдүү.
Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.
Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Муну көргөн төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, жаш талантты борборго алдырган.
1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы КРдин Эл артисти наамын алган.
Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. “Айтыш” коомдук фондусунун акындар мектебинин устаты.

 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button