alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
Рубрикасыз

Ырыскысы берүүчү Аллах

Ырыскы берүүчү Аллах

🕌Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

📍 ЫРЫСКЫ БЕРҮҮЧҮ АЛЛАХ

✍Жер жүзүндөгү жаныбарлардын бардыгынын ырыскысын Аллах-Таала берет. «Аллах-Таала» ал жаныбарлардын кайсыл жерде жайгашканын, жана жашоодон кайсыл жерде сакталып турганын да билет. Булардын бардыгы Лавхул-Махфузда ачык жазылган.

✍Шайх Устаз Имам Ахмад айтат: Пайгамбар (САВ) бир аялын үйүнө көчүрүп келип той берди, тамак аз болгондуктан, жана суюк болгондуктан, тойго келген адамдар тамакты жалап ичишип, ал жөнүндө өз араларында сөз кылышат, Пайгамбар (САВ) намаз окуп жатат эле, намаздан бошоп келип «Силер эмне жөнүндө сөз кылып жатасыңар?» — дейт, алар ырыскы жөнүндө сөз кылып жатабыз дегенде, Пайгамбар (САВ) айтат:

Мен силерге Жабраил (а.с) дын мага айтып берген бир хикаясын айтып берейин — деп, айтты:

Сулайман (а.с) деңиздин жээгинде намаз окуп жатып бир кумурсканы көрөт, ал оозунда бир жашыл жалбыракты тиштеп алып деңиздин жээгине келет, ошол учурда бир курбака деңизден чыгып кумурсканы үстүнө көтөрүп кайра деңизге кирип кетет, бир аз убакыт өткөндөн кийин суунун бетине чыгып кургактыкка чыгат, Сулайман (а.с) кумурсканы жасаган иштериңден кабар берчи?- дейт, кумурска айтат: Ушул деңиздин астында бир тоголок ак таш бар, ал таштын ичинде бир курт бар. Аллах-Таала анын ырыскысын мага тапшырган, ар күнү Аллах — Тааланын ага берген ырыскысын эки жолу көтөрүп алып барып берем, мага жардамчы кылып бул деңизде бир Периштени курбака сүрөтүндө жаратып койгон, ал курбака деңизден чыгып мени көтөрүп деңиздин астына кирип ошол ак таштын алдына койгондо таш жарылып бир курт чыгат, мен алып барган жалбыракты ага жедирем,
кайра ташка кирип таш бекилип калат, курбака мени кайра көтөрүп суунун үстүнө чыгарып коёт.

Ал курт өз ырыскысын жегенден кийин Аллахка шүгүрчүлүк келтирип ушул сөздөрдү айтат: (Мени жараткан жаратуучума алкыштар болсун, деңиздин астында болсом да эстен чыгарбай ырыскы берүүдө, ошондой болгондон соң сүйүктүү Пайгамбарынын үммөттөрүн эсинен чыгарат беле. (Равнакул-Мажолис)

📘 «Шарият жана тарикаттан
терилген берметтер» китебинен.

👳 Даярдаган: Ахунов Акжол

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button