alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
Таасирдүү окуялар

Халифа күзөттө турганда

Халифа күзөттө турганда

📍 ХАЛИФА КҮЗӨТТӨ ТУРГАНДА

✍🏻 Мусулмандар илгертен эле өздөрү менен бир аймакта жашаган кайры диндерди да коргоп турушчу. Алардын бөөдө зыян көрбөөсү үчүн бардык чараларды көрүшчү. Бул иштер жөнүндө тарыхтан калган далай окуялар бар. Алардын бири төмөндөгүдөй болгон:

Умардын (р.а) халифа убагында бир күнү соода кербени Мадинага келип, шаар четине түнөп калат. Алыстан чарчап келген соодагерлер жетип эле уйкуга кетишет. Бул убакта Умар(р.а) түнкү уйкудагы шаарды кыдырып жүргөн. Анын ушундай эл аралап, калктын абалын билип, кимге эмне жардам керек экенин байкап турчу адаты бар эле. Ошентип ал шаар аралап жүрүп уктап жаткан кербенчилерди көрүп калат. Ошол жерден халифанын сунушу менен жанында ээрчип жүргөн Абдурахман бин Ауф (р.а) экөө таң атканга чейин аларды кайтарып, күзөттө туруп, таң атканда гана мечитке карай жөнөшөт. Ошол убакта кербенчилердин арасынан бир жаш жигит ойгонуп, аларды көрүп калат. Алар мечитке жөнөгөндө арттарынан ээрчип, мечитке чейин акмалап барат.Анан башкалардан сурап түндөгү өздөрүн кайтарган киши халифа Умар (р.а) менен досу экенин билет. Андан кийин жолдошторуна келип болгон окуяны баяндап берет. Алар мусулман эмес болгондуктан бул окуяга ишенбей:

— Сен туура эмес көрүп алгансың го. Халифа жети түндө бул жерде эмне кылып жүрмөк эле? Ал азыр мамык төшөгүндө жатса керек, — дешет. Баягы жигит окуянын чын экенин далилдемекчи болуп:

— Кудай акы, мен да биринчи силердей эле ишенген эмесмин. Таңга жуук ойгонуп кеттим. Карасам экөө бизди күзөтүп турушуптур. Анан көп өтпөй эле кетип калышты. Мен кызыгып аркаларынан барсам алар жолдон мечитке кирип кетишти. Элден сураштырып көрсөм ал киши халифа Умар экен. Ал негизинен эле ушинтип түнкүсүн эл аралап, калктын көйгөйүн чечет экен. Ал өлкө башчысы катары ар бир ишке өзүн жоопкермин деп эсептейт дешти.

Бул сөздөрдөн кийин сапарлаштары унчукпай туруп калышат. Эч кимдин бир нерсе дегенге дарамети жеткен жок. Бир саам тунжурап ойлонушкан соң араларынан бирөө тынчтыкты бузду:

— Бул көрүнүш Исламдын чыныгы дин экенинин далили эмеспи, — деди. Калгандары да анын сөзүн колдоп кетишти. Ошентип, Рим жана Иран армиясынын таш-талканын чыгарган, адилеттүүлүгү менен атактуу болгон Халифанын бул мээримдүүлүгүн жана камкордугун көргөн кербенчилер Исламдын чыныгы дин экенин аңдашып, өз эрктери менен мусулман болушту.

📚 «Өчпөс сабактар» китебинен

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996700334493

📲+996 771 822 202

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button