alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
ВидеоМедиа
Эң мыкты

СИЗДИ ОРОЗО КАРМААГО КУБАНДЫРУУЧУ 7 СҮЙҮНҮЧ.

✍🏻 Орозо-Аллахка кулчулук кылуучулардын жашоосундагы кереметтүү, жана таза амалдардын ичиндеги эң кадырлуусу. Анын пайдалары менен артыкчылыктарын баяндап айтуу эзелтен токтогон эмес. Себеби орозо кармоо бизге чейин да бардык үммөткө парз болгон.Эгер орозо адамзат үчүн мынчалык маңыздуу болбосо парз болот беле? Аллах :»Эй ыйман келтиргендер! Такыбаалык кылуунар үчүн силерден мурункуларга парз болгондой силерге да орозо парз болду»,-деп буюрган.(Бакара сүрөөсү, 183-аят)

:round_pushpin: Парз кылынган орозо-адамзатка берилген меримдүү мүмкүндүк!Күнөөлөрдөн таза арылууга, жакшы жака өзгөрүүгө, напсини тарбиялоого, сураганы берилүүгө, чексиз нээматтар менен түбөлүк бакытка бөлөөчү жазгыз мүмкүнчүлүк!
Себеби Аллахтын Элчиси (с.а.в): «Рамазанда Аллага ыйманы менен сооптон үмүт кылып кармаган адамдын өткөн күнөөлөрү кечирилет» -деген.(Бухари, Муслим)

:round_pushpin: Орозонун башка парздандан өзгөчөлүгү анын сообун Аллахтан башка эч ким билбейт.Орозо Алла менен пендесинин ортосундагы сыр.Адамдын Раббысы менен арасындагы сырына башка адамдын сыры аралашпайт.Ошондуктан Аллах:»Ал орозо мен үчүн анын сообун өзүм берем»-деп эч ким билбеген өзгөчө сырды убада кылган.

Бардык кылган иштин сообу жети жүзгө чейин эселенет, анда, орозонун гана кайтарым сыры улуу жана эсепсиз болмок.Анткени Раббысы үчүн орозо туткан адам ачкачылыкка, дененин алсыроосуна сабр кылат.Натыйжада орозо кармоо сабр кылууга айланат.Алла Куранда:»Акыйкатта сабр кылуучуларга берилген сооп эсепсиз»-деген.(Зумар сүрөөсү 10-аят)

Хадисте орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Алланын алдында мисквак жытынан да жагымдуу деп айтылган. Ошондуктан биз -Алланын буйругуна моюн сунушубуз керек.

Орозо кармаган мусулманды эки кубаныч күтөт.
Биринчиси: Раббысы менен көрүшкөндө.

Экинчиси ооз ачар убагында. Күн бою ачкачылыктан кийин ооз ачар убактагы кубаныч, ал-Алланын кулуна төккөн мээрими. Ал Алланын алдына топтоло турган кыямат күнү адам баласы мээрим менен соопко муктаж болот. Ошол убакта: «Орозо кармагандар кайда? Мына ошолор Бейишке алардан башка кирбеген Раян дарбазасынан киргизилсин!»-деп чакырылат. Анткени: «Алла Тааланын эч бир көздөр көрбөгөн, эч бир кулактар укпаган, эч кимдин ойуна да келбеген ырыскы менен толгон дасторгонуна орозо кармагандар гана отурат»(Табарани)..

Орозо-калкан. Адамдын күнөлүү сөздөр чыккан тилдин кесепеттеринен тосуучу коргон. Ал эң башкысы Аллах үчүн: «Аллах бир күн орозо кармаган жанды Аллах жетмиш жылдык тозок отунан алыстатат.»(Бухари)»


Орозо-Алланын кулун аны оттон коргогон калкан»(Табарани)..

Орозо-шпаа этүүчү. Адам баласы азап менен кыйынчылыктын, кайгы менен коркунучтун айынан өзүнө күч издейт. Кыямат күнү анын кармаган орозосу жана окуган Кураны ага күч болот. Анан аларга шпаа руксат этилет.(Ахмад, Табарани, Хаким).

Рамазан айы келгенде: «Эй, жакшылык белгиси, жакшылыка жүгүр.Жамандык белгиси жамандыктардан колунду тарт»-деп айтылат. Бул айдын ичинде Алланын алдында ушундай адамдар болот: Алар Тозоктогу азаптан бошотулат:
ал мындай бошотулуу Рамазандын ар бир түнүндө болуп турат.(Тирмизи, Ибн Межах, ал-Хаким).

🤗Мынакей урматтуу окурман өзүнүздөр окугандай Рамазан айы чексиз соопторго бай айы. Анда эмесе Рамазан айынын бир мүнөтүн да текке кетирбестен акырет азыгыбызды камдап калалы.

🧕Даярдаган: Жылдыз Муслима.
________________________________________

Катталуу үчүн:

WhatsApp: +996 771 822 202
+996 700 334 493

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
OK.ru/Formulasy
Fb.com/Formulasy
T.me/formulakg
Youtube.com/FormulaMediaKG
Instagram.com/Formulasy
WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button