alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
Макалалар

Салыштырам деп убара болбой, өздөштүрүү менен алектен

Салыштырам деп убара болбой, өздөштүрүү менен алектен

📍САЛЫШТЫРАМ ДЕП УБАРА БОЛБОЙ, ӨЗДӨШТҮРҮҮ МЕНЕН АЛЕКТЕН

✍ Бардык эле илимди философиялаштырып, анан аны-мунуга салыштырып, анан бири-бири менен талаша берген адамдар көп. Алардын сөзү көп болгону менен иши көзгө чалдыкпайт. Ошол талаш-тартыш менен эс алышат. Заман алардын божомол, салыштырууларына муктаж болбой калса да, адаттарын ташташпайт.
Аракеттери текке кетип, пайда таппагандарына да кайыл…

Айтымдарында, сахабалар да ушундай иштер менен алектенген имиш. А биздин билишибизче, сахабалар пайгамбарыбыздан (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) билим алган жана билгендерин башкаларга үйрөтүүгө шашышкан. Биз да ушул жолду кармануубуз керек. Колуңдан келишинче билим ал, анан аны иш жүзүндө пайдалан, башкаларга да үйрөт. Ал эми учурдун талабына тиешеси болбогон, калем илими жана айрым философиялык илимдерге ашыкча убакыт коротуунун кажети жок. Эгер өзүбүзгө тиешелүү илим менен алек болсок, анын пайдасын өзүбүз да өзгөлөр да көрмөк, тилекке каршы, көпчүлүк адамдар өзүнө тиешеси жок ашыкча илим алууга байланып, убактысын текке кетиришет.

Боордошум, илимди да амалды да жеңил кылалы, Алланын берекеси жаайт. Убакытты пайдалуу өткөрөлү, иш жүзүндө аткара ала турганчалык илим алалы. Алла береке берсе ушунун өзү жетиштүү.

📓 «Бакыттын сырын ачтым» китебинен даярдалды

Автор: Аид ал Карни.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBZtzc1BssH/?igshid=1co5wuls1oavb

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button