alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай райондук хатибият кызматкерлери жана мечит имамдарынан кабар алды

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай райондук хатибият кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен таанышкан соң райондун карамагындагы мечит имамдары менен жолукту. Сайдамир ажы сооптуу жана жооптуу ишти аркалаган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди:

«Имам болуш оңой иш эмес. Азыр фитна көп, илимдүүлөр да көп. Чала-чарпыт окуп алгандар жана жаңылыш булактардан маалымат алгандар аз эмес. Ошондуктан илим алууга катуу көңүл буруңуздар. Пайгамбарыбыздын (САВ): «Илим алуу бешиктен мазарга чейин» деген хадисине ар бирибиз амал кылышыбыз керек. Буюрса, имамдардын диний сабаттуулугун көтөрүүгө багытталган семинарларды жана сабактарды баштайбыз. Эч кимиңиздер кайдыгер карабай, активдүү катышып бериңиздер», – деди облус казысы.

Иш-чарага казыдан сырткары анын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Алай районунун башкы имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button