alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун казысы көзү азиздерди зыярат кылды

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана орун басары Алибек ажы Жусупов «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр» коомунун түштүк аймактык областар аралык башкармалыгын зыярат кылды. Зыяраттын алкагында аталган башкармалыктын төрагасы Жамгырчы Абдыкалыков окутуучу Умаржан Имамбердиев менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

«Сиздер Алла Таала берген чоң сыноону сабырдуулук жана кайраттуулук менен көтөрүп келе жаткан инсансыздар. Үйдө жөн эле жатып албай, көзү азиз жарандарга пайдабыз тийсин, эл-журтка кызмат кылалы деп коомдук иштер менен алек болуп келесиздер. Бул өтө чоң эрдик жана алкоого арзыйт», – деди облус казысы.

Көзү азиздер үчүн медресе же диний борбор куруунун зарылдыгына токтолгон Умаржан Имамбердиев: «Менин маалыматым боюнча Кыргызстанда 10 миңдей көзү азиз жарандар бар. Алардын дээрлик бардыгы мусулман. Эмнеге алты саны аман жарандар үчүн көптөгөн медресе, институттар бар дагы, бизге ылайыкталган бир дагы медресе же борбор жок? Кыргызстанда көзү азиздер үчүн жок дегенде бир борбор ачып койсок, биздеги балдар жана кыздар өз динин таанып, ыйман жолунда жашап өтмөк да. Биз дагы толук кандуу мусулман катары өз динибизди үйрөнүп-үйрөткүбүз келет», – деп билдирди.

Ал сөзүнүн соңунда бардык боорукер жана кайрымдуу инсандарга кайрылып, көзү азиздер үчүн диний борбор курууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, Ош облустук мусулмандарынын казыяты мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен тыгыз байланышта болуп, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүп келет. 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button