alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Макалалар

Намазды тургуз, башка иштериң өзү эле турат

Намазды тургуз, башка иштериң өзү эле турат

🛐 НАМАЗДЫ ТУРГУЗ, БАШКА ИШТЕРИҢ ӨЗҮ ЭЛЕ ТУРАТ

✍🏻Турмушта намазын убактысында, коркуу, берилүү менен окуган адамдардын иши да ийгиликтүү болгонун, көңүлү көтөрүңкү, кабагы жарык жүрөгүнн — ал эми намазга анча маани бербей, кечиктирип, кээде окуп, кээде калтырып жүргөн адамдардын иши да илгерилебегенин, кабагы да ачылбаганын көп көрдүм.

📖Касиеттүү Куранда Алла Таала айтат: » Үй-бүлөңдү намазга буйру жана ага сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. (Жакшы) жыйынтык такыбалар үчүн» («То-Ха» сүрөсү, 132-аят).

Намаз — тынчтыктын, бейпилдиктин негизи, ошон үчүн Куранда бир Кудайга ишенүү келмесинен кийинки маанилүү ибадат катары намаз эсептелет: » Сабыр кылуу жана намаз оку менен жардам (кубат) алгыла. Албетте, бул — оор, Бирок (Алладан) корккондор үчүн женил эле» («Бакара» — сүрөөсү, 45-аят).

💫 Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бактысы, көзүнүн нуру намаз болчу, көңүлү чөксө: » Билал бизди намаз менен ырахаттандыр», — деп, айтуусун өтүнөт эле.

🤗 Айтарым, намазынды убагында оку, болгон дитин менен берилип оку, сүннөт, адептерин так сактап оку, Жараткандан коркуп оку.

📍Намаз убагына бек бол, азан үнүн угар замат, жолугушуун болобу, жазууң болобу, кыскасы, кандай зарыл жумушун болбосун, дароо токтотуп намазга шашыл. Оболу намазга бекем бол: башка иштерин өзүнөн-өзү калыбына келет.

📍Намаз эшигин кенен ачсан ырыскы, бакты-таалай эшиги өзү ачылат. Дайыма даражасы бийик Алла Таала сага жардамчы болот.

📍 Намазга тур, жүрөгүңдү бошот, анткени сен Жаратканга жалбарасын. Жүрөгүңдү күнүнө беш жолу күнөө, катадан арылтып, тазалоочу руханий дарянын тунук суусу менен жууп көркүнө чыгар.

🤲 Намаз окуучуларга жениш, бешенесин саждага коючуларга кубаныч, белин ийип руку кылуучуларга бейиш болсун!…

📚 «Бакыттын сырын ачтым» китебинен.

👤Автор: Аид ал Карни.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202..

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG
https://www.instagram.com/p/CBmfVylh6yz/?igshid=14vb48otndp3n

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button