alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Медресе мүдүрлөрү исламдык каржылоо боюнча онлайн окуудан өтүштү

Ушул жылдын 17-27-май күндөрү КМДБнын түзүмүндөгү медресе мүдүрлөрүнө “Microsoft Teams” тиркемеси аркылуу онлайн окуу тренинг болуп өттү.

Тренингде Кыргызстандагы шарият илимпоздорунун потенциалын жогорулатуу боюнча окутуу программасы жана анын максаттары, окутуунун методикасы жана исламдык каржылоо боюнча лекторлор сабак өтүштү.

Окутуу Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу астында IFAS International бул исламдык каржылоо окутуу программасынын “Инклюзивдүү өсүш үчүн исламдык каржылоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Окутуу ушул темалардын негизинде жүргүзүлдү:

Каржылоонун негиздери жана принциптери;

Кадимки банк менен ислам банкынын окшоштуктары жана айырмалары;

Негизги тыюулар;

Келишимдер, ишке ашыруулар;

Керектүү ислам продукциялары;

Депозиттер;

Кыймылдуу жана кыймылсыз, жеке, продукциялар.

Тренингдин соңунда медресе мүдүрлөрүнө сертификаттар тапшырылды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button