alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Максат Сидиков Араван районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Максат Сидиков Араван районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду. Сидиков буга чейин Араван районундагы «Имам Аль-Бухари» медресесинде Куран жана тажвид илиминен сабак берип келген.

Сидиков Максат Тилекович

 Максат Сидиков 1987-жылдын 1-февралында жарык дүйнөгө келген. 1994-жылы «Фрунзе» (азыркы М. Назаров) атындагы орто мектепке 1-класска кирип, 2005-жылы ошол эле мектепти ийгиликтүү аяктаган.

Диний билим алуу үчүн 2007-жылы Араван районундагы «Имам Аль-Бухари» атындагы медресеге кирип, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу аяктаган эмес. 2012-жылы Түркия мамлекетинин Конья шаарындагы «Бирол Полат» атындагы Куран жаттоо курсуна кабыл алынган. Ал жерден Курани Каримди жаттап, 2014-жылы Стамбул шаарына кайталоо максатында жөнөп кеткен.

2016-жылдан баштап Стамбул шаарындагы «Икро» Куран курсунда Куран жана тажвид илиминен сабак бере баштаган. 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап ушул убакытка чейин «Имам Аль-Бухари» медресесинде Куран жана тажвид илиминен сабак берет.

Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button