alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

«Куран жазы» Эл аралык Куран жарышынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 11 мамлекеттен келген карылар арасында «Куран жазы» Эл аралык Куран жарышын өткөрдү.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана калыстар тобу Түркия, Йемен, Катар мамлекеттеринен келген Салех Ахмед Салех, Абдуссалам Мукбил Ал-мажиди, Халид Дервишоглу жана Кыргызстандан Анарбай кары Курбанбеков, Асылбек кары Таштемиров катышты.

Сыйлык тапшыруу салтанатында Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Куран жырышын өткөрүүгө көмөктөшкөн кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырып, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

 «Куранды урматтагандарды Кудай урматтайт. Жыл сайын Кыргызстанда Куранга кызмат кылгандар көбөйүп, кары болгондордун так санын билбей калдык. Бир убактарда карыларга муктаж болгон учурлар болгон. Алла Таалага шүгүрлөр болсун азыр карыларыбыздан уучубуз кур эмес. Эл аралык сынактарда жаңишке жетип, динибизге, элибизге кызмат кылып келе жатат. Муну менен катар ушул иш-чарага көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирем”,-деди Замир кары Ракиев.

10:30 башталып, кечки саат 4:00гө чейин уланган КМШ өлкөлөрүнүн карылары арасында өткөрүлгөн Куран жарышынын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөнкүдөй болду.

1-орун

Ибрагим Маллабаев (Кыргызстан)

2-орун

Осман Зулпухаргаддиев (Дагестан)

3-орун

Хабибуллох Олимжанов (Өзбекстан)

  -Иманали Мырзагелди         (Казакстан)

Мындан тышкары ар бир катышуучуга дипломдор тапшырылды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button