alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Рубрикасыз

Кудай мени кечирбейт

Кудай мени кечирбейт

😔 «КУДАЙ МЕНИ КЕЧИРБЕЙТ…»

✍Ал мага жазган мезгилде көңүлү жок эле.

— Эмне каалайсың айтчы? — деди.
— Билесиңби башында проблемасы бар жалгыз сен эмес, баарында бир кыйынчылык бар, жөн гана сырттан күлүп жүргөнүбүз болбосо, — дедим.

— Өмүр үрөнү бактылуу сааттардан, кубанычтардан тура бербейтко. Кээде адашабыз.Бүткүл адам адашат.Менин да сен билбей жүргөн күнөөм канча?! Мен да далай жолу жаңылдым, адаштым, ыйладым, өкүндүм. Бирок бул «Баары бүттү, калган өмүрдү да ушундай катачылык менен жаман иш жасап, өзгө турсун өзүмдү өзүм жек көрүп жүрө беремин»деген сөз эмес го?!

Алла-тооболорду кабыл алуучу. Эгер ката кетиргениңди моюнга алып чын дилден Алладан кечирим сурап, бул ишти башка кайталабасаң, албетте, Алла сени кечирет. Даражаңды көтөрөт. Бул дүйнөдө да акыретте да жакшылык берип абройуңду бекемдейт. Билесиңби мен кээде жөн гана бөлмөгө кирип, кыбылага карап, эки колумду көтөрүп Алладан бардык кылган жаман иштерим үчүн кечирим сурайм. Аллага чын жүрөктөн берилип кайгымды айтамын. Бир жеңилдеп каламын.Бир кызык нерсе ошол күндүн эртеси менин көңүлүм ачылып жайдары болуп, адамдардын баары күлүп карап тургандай, жакшылык жасап жүргөндөй болуп кетет. Өзүнөн-өзү ичим женилдеп,өмүрүм иреттелет. Сенда ушул нерсени жасап көрчү!-дедим.

Бираз ойлонуп, мага мындай деди:

-Сага мындай кылган жарашат экен а мага болбойт.Мен күнөө жасап жүргөн адаммын. Анан келип Алланын атын оозго алып эч болбогон дуба кылып отурсам…
Жоок андай эки жүздүү болгум жок ,- деди.

— Ошондо андай болбойт деп күнөөңдү ары карай жасап, өзүңдү бактысыз кылуучу жаман өмүрүңдү улантып жүрө бересиңби? Эгер адамдардын баары «Жок мен андай кылсам эки жүздүү боломун деп, өзүнө көнбөсө да, күнөөсүн таштабай жаман иштерин уланта берсе, анда жакшылык кайда калат? Анда жер үстүндө бирда жакшы адам калбай калатко ээ? Адамдардын баары ушундай ойлоп жүрө берсе, кантип өзгөрөт ошондо?» — дедим.

«Эң жакшысы, жүр»деп имамга алып бардым.Бир аз сүйлөдү.Түшүндүрдү.

Туура түшүнүп, өзгөрүп, жагдайын оңдоп, азыр эл катары бактылуу өмүр сүрүп жүр.

Айтпасамда көп адам өз иштеринин жакшы эмес экенин белет тура, дал ушундай күнөөлөрүн, каталарын таштай албай жүрө берет экен. Жок күнөөнү кылбаганынан эмес.Алла алдында акталып, тазаланып, кечирим суроого өзүнү ылайык көрбөгөнүнөн….

Жок андай эмес Алла жер бетиндеги эң оор күнөөнү да кечирет, ага күмөнүңүз болбосун. Алла эң оор иш жасаган адамды да туура жолго салып, ага бактылуу турмуш ыйгара алат. Ал бай го! Андан эч кандай мүлк азайып калбайт.Тезкерисинче сен тоба кылсаң Алла кубанат.

Алла тоба кылган пенделерин жакшы көрөт. «Адам баласы ката кетирүүчү, ката кетиргендердин эң жакшысы тоба кылгандар «(хадис).

Пайгамбарыбыз (с.а.в) «Бир кул ай талаада төөлөрүн жоготуп алып, кийин аны таап алган кезде кандай кубанса, тообого келген кулуна Аллах андан да артык кубанат»-деген (Муслим).

☑️Кана эмесе тур!
☑️Үстүңдү как!
☑️Батып бара жаткан баткактан өзүңдү алып чык!
☑️Ойгон!

🌞Сен каалап жүргөн бактылуу өмүр — али алдыда! Сен издеп жүргөн тынчтык-Раббың менен бирге!.

🧕🏻Которгон: Жылдыз Муслима

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button