alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

КОРКУУ ЖАНА ҮМҮТ

КОРКУУ ЖАНА ҮМҮТ

✍🏻 Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат: «Кыямат күнү эки тозоку болгон адамды тозоктон чыгарат. Бул экөө миң жылдап азапта жаткан мойнунда кишендер жана колдорунда чынжырлар бар. Капкара болуп күйүп, күл болгону калган. Тозоктун дарбазасынан чыккандан кийин Аллах Таала аларды кайрадан кирүүгө буйруйт. Биринчиси буйрукту уккандан кийин чуркап тозокко кирип кетет, ал эми экинчиси болсо «кирсемби-кирбесемби» деп кайра-кайра артын карап жатып кирет. Киргенден кийин кайра экөөсүн тең чыгарып, биринчисинен:
» Эй! пендем сен эмне акмаксыңбы, баам — парасатың барбы сенде? Тозоктон чыгардым кайра кир десем чуркап кирип кеттиң? Бул жай чуркап кире турган жер эмеско, бул тозок, от, азап эмеспи?
Эмнеге чуркап кирдиң? ушунча жыл тозокто азапталып жатып көзүң ачылбадыбы?
— Мени тозоктон чыгардың, кайра кирүүмдү буйрудуң.
Тозокто күйүүмдүн себеби, дүйнөдө сага моюн сунбадым, сенин буйругуңду аткарбадым.
Сен кайтарган иштерден кайткан эмес элем. Азыр бизди тозоктон чыгарып, кайра кир дегениңде сага моюн сунуп, итаат кылбасам, азабым мындан да оор болуп, көбөйүп кетпесин деп коркконумдан кирдим…

Экинчисине: «Сенчи кирсемби-кирбесемби деп артыңды карап жүрүп араң кирдиң эмнеге?
— Оо! Роббим, мен Сен тууралуу күмөнгө бардым.
«Аллах бизди тозоктон чыгарды, эми кайра ал жакка киргизбесе керек» — деген ойдо болдум.
Андан соң Аллах Таала экөөсүн тең кечирди.
Себеби, биринчисинде коркунуч болгондугу үчүн.
Экинчисинде болсо үмүт болгондугу үчүн тозоктон азат кылды.

☝🏻 Куш бир канаты менен уча албагандай эле, момун адамда да коркуу жана үмүт болушу керек.

Даярдаган: Махарам Муслима.

📍Эскертүү!!! Макаланы башка тармактарга таркатууну кааласаңыз өзгөртүүсүз таркатыңыз! Аманат!!!
________________________________________

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 555 401 133

📲+996 778 503 695

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button