alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 96 жаштагы Ороз Мамыралиевге ыйык Куран китебин белек кылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев  Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат, Бүткүл россиялык «Кыргыз конгресси» коомдук уюмунун президенти Кубанычбек Кожоев жана «Кыргыз биримдиги» аймактык коомдук уюмунун, Москва диаспорасынын Аксакалдар Кеңешинин өкүлдөрү, коомдук уюмдардын жана эмгек мигранттары жердештик жамааттарынын жетекчилери менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Россиянын Ички иштер министрлигинин 1-Коомдук тартипти сактоо Башкы башкармалыгынын Ардагерлер Кеңешинин төрагасы, Москва шаарынын Коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын Кеңешинин мүчөсү Ороз Мамыралиевди куттуктап, ак чепкенин жаап, ыйык Куран китебин белек кылды.

Бул күнү ата-бабалардын эрдиктери эскерилип, мындай апааттуу согуштун болбошу, келечек муундарга билим, тарбия берүү керектиги айтылды.

96 жаштагы Кыргыз Республикасынын Токтогул шарчасынын жараны Ороз Мамыралиев 1944-жылы фронтко жөнөтүлгөн. Ал болгону 17 жашта эле. Беларуссияда атчан аскер кызматында болуп, Чыгыш Пруссияга чейин жетип, Конигсбергди бошотууга катышкан.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button