alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
Рубрикасыз

Жүзүң жарык, сөзүң сылык болсо, элге жагасың

Жүзүң жарык, сөзүң сылык болсо, элге жагасың

🌸 ЖҮЗҮҢ ЖАРЫК, СӨЗҮҢ СЫЛЫК БОЛСО, ЭЛГЕ ЖАГАСЫҢ

✍ Индонезиядагы Жахарта борбордук мечитинде жамаат менен намаз окудум. Ага чейинки жолугушуу, дарстардан чарчап жаным жер тартып турган. Намаз бүтөрү менен жергиликтүү тургундар учурашмакка умтулушту. Ыйык жерден келген адам менен кол алышуу алар үчүн чоң бакыт экенин жүздөрүнөн байкап, кайдыгер чыгып кете албадым.

Өзүмө — өзүм: «Мындай жупуну, карапайым мусулмандар менен балким, акыркы жолу жолугуп жаткандырмын, булар менден байлык да сурабайт, бийлик да сурабайт, болгону Алланын ыраазычылыгы учун саламдашууну гана каалайт» — деп шыбырадым. Анан ордумдан жылбай кол алышып, жылмайып тура бердим.

Кээлери менен кучакташып учураштым, кээси бизге дуба кылды, биз аларга дуба кылдык, кыскасы, бир сааттан ашык убакыттан кийин гана мечиттен чыгууга мүмкүнчүлүк болду. Бирок чарчаганым такыр унутулуп, эми эле эс алып чыккан адамдай чыйралып, тыный түшкөнүмдү байкадым. Анткени адамдын жан дүйнөсү саламдашуу, учурашуу, бироого жылуу маанай тартуулоо менен да эс алат.

Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан саламдашуу, жылуу жүз, сылык сөз, булардын баарынын сообу эсепсиз эмеспи. Дегеним, кайсы жерде болбогун, кенен болобу, тар болобу, көкүрөгүңдү кеңейтип, саламыңды ачык айтып, ачык кабагыңды, жылуу сөзүңдү аяба. Кол алыш, учураш, дуба кыл, батасын ал, ошондо элге жагасың, соопко да ээ болосуң.

Мен эми жолугушуулардагы, дарстардагы, кысылыштарда такыр чарчабай калдым, тескерисинче кубанам, себеби, мында сооп бар, угармандарга кубаныч тартуулайм, ыймандууларга жардам берем, шарияттын максаты да ушул.

📚 «Бакыттын сырын ачтым» китебинен.

Автор: Аид ал Карни

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪http://WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBhVWu5hyaJ/?igshid=1igmvk38u6s7k

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button