alternatetext Багымдат: 03:55 | alternatetextКүн чыгуу: 05:47 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:12 | alternatetextКуптан: 22:07
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал-Абад шаарында Курман айт майрамы белгиленди

Бүгүн, 20-июлда Жалал-Абад шаарында Курман айтка карата Адеп Башаты коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулган «Раббиң үчүн намаз  окуган жана курмандык чалгын» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Анда 28 баш кара мал жана сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) урматына арнап бир кичи жандык курмандыка чалынды. Аталган иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ызабеков Ырысбек Темирбекович, Шаардык кеңештин депутаты Сейдалиев Түгөл жана Дин иштери боюнча комиссиянын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев ж.б. катышты.

Курмандык чалуу учурунда облус казысы мамлекеттин тынчтыгын, биримдигин, чек аранын бекемдигин жана ушул Курман айттын урматына бардык ибадаттарыбызды кабыл кылып, кылган күнөөлөрүбүздү кечиришин жараткан Алла Тааладан сурап дуба кылды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button