alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал-Абаддагы имамдар апрель айына чейин мечиттерди толугу менен каттоодон өткөрүшөт

Бүгүн, 16-февралда  Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков,  казыяттын мечиттер боюнча адиси Бектеналы Боронбаев,  Сузак, Базар-Коргон райондорунун баш имам-хатибдери, имамдар жана  Сузак райондук архитектурасынын адиси Максатбек  Жанышевдин катышуусунда  жыйын өттү.

Жыйында облус  казысы эң көйгөйлүү болгон мечиттердин мамлекеттик эсептик каттоосун жандандыруу, ыкчам чараларды көрүү, каттоодон өткөрүүдө жергиликтүү тургундар  менен тыгыз иш алып баруу керектигин билдирди.

«Бүгүнкү күндө мамлекетибиз динге жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө.  Биз Жаратканга шүгүрлөрдү айтып, мечиттерибизди мыйзам чегинде мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүп, мыйзамдаштыруубуз керек. Учурда  казыяттын №96- буйругун да чыгардым. Ал жерде имам жана имам-хатиб каттоодон өтпөгөн мечиттер боюнча жооптуусуздар»,-деди облус казысы.

Ал эми архитектура башкармалыгынын кызматкери Максатбек Жанышев мечиттердин каттоосу боюнча тапшырма келгендигин айтып, каттоо иштерине колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Жыйындын соңунда  имам-хатибтер жана имамдар каттоо иштерине көңүл бөлүп, март айынын акырына чейин тиешелүү документтерди бүткөрүүгө  убада беришти.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков 2022-жылдын 15-февраль күнү мечиттерди жана диний окуу жайларды мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүү боюнча №96- буйругун чыгарган.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button