alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
Макалалар

Жакшылык

Жакшылык

🤗ЖАКШЫЛЫК …

✍🏻Жол боюнда мерседес машинасы бузулуп аны оңдоого күчү жетпесин билген жашы улгайган аял машинасында жарым сааттан бери көңүлсүз олтурду. Андан бери канчалаган машиналар өтүп жатат бирок бири да токтоп аялдан кабар алып «жардам керек эпеспи» — деп сурабаганы өкүнүчтүү.

Бир маалда жол жээгине эски машина токтоп андан жаш жигит чыгып аялды көздөй бет алды, канча убакыттан бери эч ким токтоп кайрылбаганына капа болгон аял жүдөө жигиттин өзүн карай келе жатканын көрүп кооптонуп алды. «Балким мени бир чаап жыга коюп тоноп кетсечи» адам оюу күлүк корккондо ойлорго эмнелер гана келбейт эмеспи. Жигит аялга жакындап келип:

— Саламатсызбы менин атым Бердибек, үшүгөн чыгарсыз менин машинамда жылураак олтура туруңуз мен машинаңызды оңдоп берейин.

Жигит учурашып машинанын алды артын көңүл коюп карай баштады, көрсө машинанын дөңгөлөгү жарылыптыр.

Жашы өткөн кары аял аны жалгыз алмаштыра албашы айдан ачык, дөңгөлөгүн алмаштырып Бердибек кайра өз машинасынын жанына келди.

Эмгек акысына канча сом беришин сураган аял жигиттин: «керек эмес бири — бирибизге жардам бербесек анда адамгерчилигибиз боорукерлигибиз кайда калат» — деген жообун угуп рахматын айтып жолун андан ары улады.

Көп жүрбөй чай ичүүгө ашканага кирген аялды боюнда бар официант келин жылмайып тейлей баштайт. Келиндин түйшүк баскан колдорун муңдуу көздөрүн боюнда болсо да иштеп жүргөнүн көрүп каңырыгы түтөй карап алды.

Эсептешүүгө келгенде келинге 5 000 сом сунат, официант акчанын кайрымын бергени аялдын столуна келсе аял өзү жок ордунда кагаз турат, алып окуса: «бири — бирибизге жардам бербесек адамгерчилигибиз боорукерлигибиз кайда калат»- деген жазуу менен 5миңдик акчадан дагы үчөө турганын көрөт. Кечинде үйүнө келген келин баласын жолдошу Бердибекти кучактап бир аялдын боорукердигин айтып берет.

🤗Андыктан бирөөгө жакшылык кылсаң да жамандык кылсаң да албетте ал кайта турганын унутпайлы.

Жума маарек болсун!

Булак: Таалим.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202..

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy

https://www.instagram.com/p/CB4d4r7BCaY/?igshid=13c8amfl4ap3b

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button