alternatetext Багымдат: 03:55 | alternatetextКүн чыгуу: 05:47 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:12 | alternatetextКуптан: 22:07
Жаңылыктар

Британиялык саясатчылар рамазандын келиши менен мусулмандарды куттукташты

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб жаңы тип коронавирустан улам рамазан айынын кыйын болорун бирок мээримдүүлүктүн ар дайымкыдан дагы маанилүү абалга келгендигин билдирди.

Коронавирустун айынан дарылангандан кийин эс алууну улантып жаткан Борис Жонсонду коштогон Рааб рамазандын келиши менен социалдык медиа эсебинен бир билдирүү жарыялады.

Рааб Британия жана дүйнөдөгү мусулмандарга Рамазан айынын жакшы өтүшүн каалады.

Саламаттык сактоо министри Мэтт Ханкок болсо пресс — жыйынында берген маалыматта улуттук саламаттык сактоо боюнча тейлөө жана куралдуу күчтөр менен башка тармактарда кызмат кылган бир топ мусулмандын бул жылы рамазан айынын кубанычын көнгөн адаттагыдай бөлүшө албай тургандыгына көңүлдөрдү бурду.

Ханкок өлкөдөгү мусулмандарга үйдө болгондору үчүн ыракмат айтты.

Жумушчу партиясынын лидери Кеир Стармер да твиттерден билдирүү жарыялап рамазан айынын келиши менен мусулмандарды куттуктады.

Жумушчу партиясынын мурунку лидери Жереми Корбин да өзүнүн шайлоо окургу, Британия жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарга рамазан айынын жакшы өтүшүн каалады.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button