alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев калаадагы жалпы имамдарга жыйын өтүп, мечиттерди каттоо ишин тездетүү тапшырмасын берди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын  казысы Самидин кары Атабаев калаадагы «Аиша» мечитинде жалпы имамдарга жыйын өтүп, анын алкагында ыйык Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген тапшырмаларды так аткарууга чакырды.

«Мечиттердин тазалыгына көңүл буралы жана ыйык Рамазан айына даярдыктарды көрөлү. Кайрымдуулук иштерин күчөтөлү. Эң башкысы эл арасында түшүндүрүү иштерин жандантуубуз маанилүү»,-деди шаар казысы.

Муну менен катар Самидин кары Атабаев  каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин тез арада бүткөрүү үчүн баш имам хатибдерге тапшырмаларды берди.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button