alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Бишкекте конфессиялар аралык марафон өтүп, ага бардык диний уюмдардын өкүлдөрү катышты

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы  Кыргызстан конфессиялар аралык кеңеши менен биргеликте  Бишкектеги «Ынтымак» паркында  конфессиялар аралык марафон өткөрүп, ага бардык диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына катышкан КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев ден соолукка маани берүү керектигин айтышып, жаштарды спорт менен машыгууга чакырышты.

«Ден соолук – Алла Таала тарабынан берилген аманат. Адам баласы өзүнө ыроолонгон ден соолук нематына кам көрүүгө милдеттүү. Жалпы үммөткө үлгү болгон Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ден соолукка кам көрүү жагынан да бизге жаркын өрнөк боло алат. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) медицинасына көз жүгүртсөк, анын дайыма сергек жашоого үндөгөнүн, тазалыкка чакырганын байкайбыз»,-деди Азирети Муфтий.

Марафонго катышкан конфессия өкүлдөрү 3 км жүгүрүшүп, алкачкылардан болгон жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилди.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button