alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Баткен районунун баш имам хатибинин демилгеси менен уюштурулган бир айлык жайкы лагер аяктады

5-июль күнү Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошовдун демилгеси менен  жаштарды  адеп-ахлак, ыймандуулукка тарбиялоо максатында уюштурулган  бир айлык жайкы лагер аяктады.

Иш-чарага жалпы катышуучулар, демөөрчүлөр катышты. Уюштуруучулар бир айлык жайкы лагердин жыйынтыктары туурасында сөз сүйлөп, жаштарды билим алууга  мындан ары адептүү болуп, улууларды урматтоого ошондой көп ийгиликтерди жаратууга чакырды.

Иш-чара соңунда активдүү катышкандар үчүн велосипед, телефон жана башка кызыктуруучу белектер тапшырылды.

«Жайкы лагерде жаштарга адеп-ахлак, Куран жана күнүмдүк дубалар үйрөтүлдү. Ошондой эле лагердин алкагында ден соолукту чыңдоо максатында түрдү оюндар өткөрүлдү»,-дейт Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button