alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Баткенде мектеп окуучулары арасында «Адеп адамдын көркү» китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү

Кечээ, 20-майда Баткен облусунун Баткен районунун Чек мектеп окуучуларын адеп-ахлакка, билим алууга чакырган тарбиялык саат жана китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Иш-чара Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» медресесинин мүдүрү Султанмурат ажы Исираевдин демилгеси менен уюштурулуп, «Адеп адамдын көркү» китеп окуу сынагынын  жыйынтыгы чыгарылып, демөөрчүлөр тарабынан катышуучуларга  ноутбук жана башка баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чарага Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Баткен  районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошев окуучулардын ата-энелери жана мугалимдер катышты.

Коноктор өз сөзүндө адеп туурасында аят, хадистерден баяндама айтып, адал эмгек, мээнеткеч адамды ийгилик жылмаярын баса белгилеп, билимдүү болууга, ата-энесине, мекенге кызмат кылууга чакырышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button