alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар
Эң мыкты

Барилвилер кимдер?

Араб тилиндеги википедия мындай маалымат берет:
“Барилвия суфийлик акыйдасын карманган секта. Бул секта Британия колониясы мезгилинде Индиянын Барилви деген шаарында Ахмад Риза Хан деген киши (1856—1921) тарабынан түзүлгөн. Барилвилер ханафий мазхабын карманабыз дешет.
— Алар мавлидди чоң майрам кылышат, олуяларга чоң маани-мартаба беришет.
— Пайгамбар жаратылышты башкарат дешет. Амжад Хан деген аалымы мындай деген:
“Пайгамбар Аллахтын абсолюттук жардамчысы. Бүткүл ааламды пайгамбар башкарат. Ал каалаганын жасай алат. Ким “пайгамбар менин Эгем эмес” десе, ал сүннөттүн даамын тата албайт”.
— Дагы мындай деген акыйдалары бар: “Мухаммад пайгамбар жана андан кийинки олуялар ааламды башкара алат. Ахмад Риза Хан айткан: “Абдул Кадыр Жийлани – Гавс. Ал ар каерде, ар кимге жардам берет. О Жийлани! Аллахтын “бол!” деп болдуруу (жаратуу) кудурети Мухаммад пайгамбарга өткөн, андан сага өткөн! Сен – ааламдын башкаруучусусуң, сен – парданын артындагы чыныгы болтуруучусуң!”
— Ахмад Риза Хан “Халисул ээтикад” деген китебинде (33-бет) минтип жазган:
“Аллах Таала биздин улугубуз жана Кураандын ээси болгон Мухаммад пайгамбарга Лаухуль махфуздагы бардык кайып илимдерди билдирген”.
— Барлавилердин акыйдасы боюнча пайгамбар тирүү жана ар кайсы замандагы, ар кайсы жердеги пенденин ар бир кыймылын билип, ар бир добушун угуп турат. Ошондой эле пайгамбар ааламды алаканында тургандай көрөт, көз ирмем сайын ааламды чарк айланып, муктаждарга жардам берет жана дубаларды ижабат (кабыл) кылат. Бул ишенимин алар “шухуд”, же “хазиру назир” деп аташат.
Автор
Шамсуддин Абдыкалык уулу

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button