alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети муфтий Замир кары Ракиев Дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын генералдык секретары доктор Салих аль Вохайби менен жолугушуп, кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев Дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын генералдык секретары доктор Салих аль Вохайби менен жолугушуп, кызматташууну талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө менен тажрыйба алмашууну жана дин кызматкерлеринин билими деңгээлин көтөрүүнү сүйлөшүштү.

Азирети Муфтий Кыргызстанга расмий сапары менен келген  Дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын генералдык секретарына ыраазычылык билдирип, Диний Башкармалык эки тараптуу кызматташууну мындан дагы жакшыртууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушууга Бүткүл Дүйнөлүк Мусулман Жаштар Ассамблеясынын мүдүрү Мохамед Мади, КМДБнын ажы-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев, Хамидулла ажы Садиллаев катышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button