alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары Кара-Бак айылындагы «Молло Аянбай уулу Ысмайыл» атындагы мечиттин ачылыш салтанатына катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ыйман кербени» аттуу иш сапарынын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Молло Аянбай уулу Ысмайыл» атындагы мечиттин ачылыш салтанатына катышты. Саамалыкка президенттин  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев, ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Талас, Жалал-Абад, Ош облусунун, Ош шаарынын жана Баткен облусунан мусулмандар казылары, КМДБнын кызматкерлери күбө болушуп, өздөрүнүн каалоо-тилектерин, куттуктоолорун айтышты.

Азирети Муфтий элди ынтымакка, биримдикке жана достукка чакыруучу жай мечит экендигин айтып, жергиликтүү жашоочуларды «Молло Аянбай уулу Ысмайыл» атындагы мечиттин ачылышы менен куттуктады.

«Мечит, инсандын ыйманын, адеп-ахлагын оңдой турган ыйык жай. Алла Тааланын үйүн таза кармап, келечек муундарыбызды ыймандуу кылып өстүрөлү. Мечитте уккан аалымдардын насааттарын жашообузга пайдаланып, коомубуздун, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу»,-деди Азирети Муфтий.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button