alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев чек арадан жабыркаган элге 350 миң сомдук акчалай жардам көрсөттү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин милдеттин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев жана түштүк аймактагы облус казылары менен Баткен облусундагы чек арадан жабыркаган элден кабар алышты.

Жергиликтүү тургундардын ал абалын жеринде таанышуу үчүн Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев алгач Баткен шаарындагы чек ара чырынан коопсуз жайга көчүрүрүлгөн эл менен жолугушту.

Алар Баткен шаарындагы В.И.Ленин, Ж.Бөкөнбаев, А.Имаров атындагы мектептерде жана №53 кесиптик лицейине жайгаштырылган. Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу, казылар менен биргеликте мекендештерибизди ынтымакка, сабырдуулукка жана дуа кылып, Алла Тааладан жакшылык тилек кылууга чакырды.

Муну менен катар чек ара чырынан жабыркаган тургундарга КМДБнын атынан 350 миң сом акчалай жана азык-түлүк түрүндөгү жардам көрсөтүшүп, маркумдарга багыштап Куран окушту.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button