alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Макалалар

Адамдын жолун ачып, байлык менен берекесин көбөйтүүчү 10 көрсөтмө

Адамдын жолун ачып, байлык менен берекесин көбөйтүүчү 10 көрсөтмө

📍АДАМДЫН ЖОЛУН АЧЫП, БАЙЛЫК МЕНЕН БЕРЕКЕСИН КӨБӨЙТҮҮЧҮ 🔟 КӨРСӨТМӨ.

1⃣ ЫЙМАН

Алла Таала касиеттүү Куранда:

«Эгерде мекениңердин тургундары ыйманга келип, такыба болгонунда (Алланын жазасынан коркуп сактангандарында) анда Биз аларга асмандан да жерден да береке эшигин ачып койот элек»,-деген.(«Араф»сүрөөсү, 96 аят).

2⃣ КУДАЙДАН КОРКУУ
(Такыбалык)

Ким Алладан (Анын тыйгандарынан) коркуп, сактанса, Ал ага бир чыгуучу жол пайда кылат.Ары ал ойлобогон жерден ырыскы берет.(«Талак»сүрөсү, 2,3-аяттар).

3⃣ АЛЛАДАН КЕЧИРИМ СУРОО (истихфар)

Буга Курандагы Рух пайгамбардын (а.с)сөзү далил:

«Өзүңөрдүн Раббыңан кечирим сурагыла, анткени Ал-Кечирүүчү.(Гаффар).Ал силерге асмандан мол жамгыр жиберди.Силерди мал-мүлктөр менен жана перзенттер менен колдойт.Силерге бак-дарактар өстүрүп жана силер үчүн өзөндөр пайда кылат»(«Нух»сүрөөсү, 10-12-аяттар).

4⃣ ШҮГҮРЧҮЛҮК

Себеби Алла Куранда «Эгер шүгүр кылсаңар, арттыра беремин»-деп убада берген.(«Ибрагим»сүрөөсү 7-аят).

5⃣ АЛЛА ЖОЛУНДА КАРЖЫ ЖУМШОО, САДАКА БЕРҮҮ

Алла Таала: «Силер эмне кылсаңарда Алла ал кылганыңардын ордун кайра толтурат .Ал-ырыскы берүүчүлөрдүн эң жогорусу»,-деген(«Саба» сүрөөсү, 38-аят).

6⃣ ҮЙЛӨНҮҮ (НИКЕ)

Алла Куранда «Ары араңардагы никеге турбагандарды жана кулдарыңар менен күндөрдү үйлөндүргүлө.Эгер алар кедей болсо, Алла аларды Өз кендиги менен байытат»,-дейт.

7⃣ АЛЛАГА ГАНА ИШЕНИМ АРТЫП АГА ГАНА МОЮН СУНУУ.

Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Эгер силер Аллага чындап моюн сунсаңар, Ал силерди таң эртең ач кетип, кечке курсагы тойуп кайта турган куштарды ырыскыландыргандай ырыскы берет эле»,-деген.(Тирмизи).
Ал Куранда Алла Таала «Ким Аллага
жүгүнүп, Ага ишин тапшырса (тобокел этсе), Ал ага жеткиликтүү.Акыйкатта Алла -ишин аягына жеткирүүчү…» («Талак»сүрөсү 3-аят).

8⃣ ТУУГАНДЫК КАТНАШТЫ САКТОО

Алла Элчиси( с.а.в)»Кимде ким ырыскысын кеңейиши менен өмүрүн узаруусун кааласа, ал туугандары менен карым-катнашты үзбөсүн»,-деген (Бухари).

9⃣ АЖЫЛЫК МЕНЕН УМРА ЖАСОО

Хадистердин биринде «Ажылык менен умраны көбөйткүлө, себеби экөө кедейликти жана темирден тапты кетиргендей күнөөлөрдү жойот»-дейилген(Сахих ал-Жами 2901)

🔟 АЛСЫЗДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ

Алла Элчиси (с.а.в) алсыздарды издегиле, анткени силерге көмөк менен ырыскы ошол алсыздар артынан берилет»-деген.(Абу Дауд).

Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в) «Силерге алсыздардын аркасында жеңиш менен ырыскы ыйгарылат эмеспи?»-дейт.(Бухари).

Даярдаган: Жылдыз Муслима

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996700334493

📲+996 771 822 202

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG
https://www.instagram.com/p/CBxxWWnhIg0/?igshid=4j4akwfvf7us

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button