alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
МакалаларПайдалуу кеңештер

ДААНЫШМАНДЫК КАЗЫНАСЫНАН.

ДААНЫШМАНДЫК КАЗЫНАСЫНАН.

📍Элесететип көрүңүз. Эгер күзгүлөр бизге дилдердин сулуулугун көрсөтө турган болсо кандай болоор эле.Ушундай болуп да калсын дейли. Анда каршысында өзүнүн сулуугу менен мактанып жаткан өтө көп кишилер күзгүлөрдүн быт-чытын чыгарып талкалап салышса керек…

📍Даанышмандардын бири айтат: “Ким сага ачуусу келсе, бирок жамандык жасабаса, анда аны өзүңө дос кылып тандай бер. Себеби ачуулук кишинин анык жүзүн ачып берет”

📍Инсан өлгөндөн кийин:
Жүрөгү 10 минута, акылы 20 минута, көздөрү 4 саат, териси 5 күн, сөөктөрү 30 күн жашайт. Жакшы амалдары болсо эсеп-китеп күнгө чейин жашай берет. Жакшылык амал кылууга шашылалы.

📍Жашооңдогу өйдө-ылдый нерселер сени ташбишке салбасын. Бул -сенин саламаттыгыңдан кабар берчү нерсе. Себеби, жашоо жүрөктүн сызыктарына (ЭКГ) окшош. Эгер ал бир сызыкта чийилүүнү баштаса, бул сенин “өлгөнүндүн” алааматы.

📍Адамдын күлк-мүнөзүн билгиң келсе, анын башчылары менен эмес, өзүдөн төмөн даражадагы адамдарга мамиле кылып жатканына кара.

📍Адамдар арасында интернети бир-эки күнгө үзүлүп калса кайгы-капа тартып, намаз, куран окуудан айлап-жылдап үзүлүп калса да кайгырбай тургандары да бар…

📍Өсүп бара жаткан балдарыбыз аталары адаттандырган нерселерге үйрөнүп чоңоюшат …

📍Эгер кечирим суроо напсиңе оор келсе, башкалардын көнүлүн оорутуу андан да оор экендигин эсиңден чыгарба.
Арты ндан кооз из калтыра албадыңбы, анын тескерисин да калтырба. Себеби жамандык менен тилге алынгандан көрө такыр эле эске алынбаганың жакшы.

📍Бак-таалай өзүбүз ээ болбогон нерселерди колго киргизүү эмес. Каршысынчса ээ болгон нерселерибиздин кадырын билип, баркына жетүү

✍🏻Даярдаган: Нуркамил Абдуллаев.

Жума маарек болсун!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button