alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Пайдалуу кеңештер

🎈Бактылуу жаша

-Ыймандуулук жана жакшы амал экөө ийгиликтүү турмуш куруунун сыры, буларга бекем тур.

– Илим жана билим изде, окуганды таштаба, анткени, окуу кайгы-капаны кетирет.

– Тобо кылууну ар дайым жаңылап тур, күнөөнү ташта, анткени, күнөө жашооңду бузат.

– Куранды дайыма ой жүгүртүү менен окуп, Алланы көп зикир кыл.

– Адамдарга ар түрдүү жакшылыктарды жаса, көкүрөгүң кенен болот.

– Коркок болбой эр жүрөк бол, эр жүрөктүүлүктүн көкүрөгү бийик болот.

– Жүрөгүңдү көралбастыктан, бузукулуктан, жаман ойлордон жана ар кандай жаман иштерден тазала.

– Ашыкча бир нерселерди кароону, сөз тыңшоону, элдерге аралашууну, тамакты жана уйкуну ташта.

– Пайда бере турган иш менен алек бол, кайгы-капаңды кетирет.

– Бүгүнкү күнүңдү жашап, өткөндү, келечекти унут.

– Келбетиңде, турмушуңда, ден соолугуңда жана башка нерселерде өзүңдөн төмөнкүлөрдү кара.

– Мүмкүнчүлүгүңдүн эң салмактуусун карап, ошол эң оор иш келип калуу ыктымалы бар экенин эске алып, ошонун үстүндө иште.

– Ой-пикириңде коркунучтуу кыялдар менен, жаман ойлор менен ой жүгүртпө.

– Ачууланбай сабырдуу, жумшак жана кечиримдүү бол, анткени, бул жашоо кыска.

– Жакшылык, байлык сенден кетип, кыйынчылык келет деп ойлобо, бардык нерседе Аллага гана тобокел кыл.

– Бир кыйынчылыкты өзүңө ылайык сүрөттөп, аны чоңойтуп, асманга учуруп айтпагын.

– Башыңа бир кыйын маселе келүүдөн качпагын, жаман нерсени күтпөгүн, ар нерсенин өз убактысы бар.

– Турмушту жөнөкөйлөштүр, ашкере байлык, оюн күлкү сени алек кылып коёт, дене дүнүйөгө батып кетсе, инсандын руханияты азап чегет.

– Сендеги болгон ниймат-жакшылыктар менен сага түшкөн кырсыктарды салыштыр, ошондо жакшылыктар кырсыктардан көп экендигин билесиң.

– Сага айтылган жаман сөздөр эч качан сага таасир бербейт, аны айткандын өзүнө таасирин берет, ал жөнүндө ойлонбо.

– Ой-пикириңди оңдо, жакшылыктарды жана алдыга умтулууну гана ойло.

– Эч ким сага рахмат айтаарын күтпө, сага бирөө рахмат айтууга сага эч кимдин карызы жок, Алланын ыраазычылыгы үчүн гана башкага жакшылык кыл.

– Сага пайда бере турган ишиңди билип алып, ошону менен гана алек бол, ошондо түйшүктөрдү унутасың.

– Жумушуңда чечкиндүү болуп, бүгүнкү ишти кийинкиге калтырба.

– Өзүңө ылайык келген пайдалуу илимди үйрөнүп, өзүң канааттанган пайдалуу иш жаса.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button