Саламаттыкты сактоо министринин м.а. Жакрынбек Касымбеков Кыргызстандын калкын эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Камерасы бары деле, жогу деле, блогери деле, доогери деле жеткен алы медиктер болду го! Тажагандары чет жакка чыгып кетти. Туура! Көйгөй көнөктөй, чечели жалпылап! Жакшы десек жакшырат. Жамандап отуруп медицина ушуга келди. Күнүгө канча өмүр сакталат! Эл-журт, төө басты кылбай министрликти вакцина алгыла, арам деп «фейкке» ишенбей, баланарды карагыла. Дене бизге берилген аманат, кор кылбай жакшы баккыла! Кудай сактасын кырсыктан, келебиз дайым жардамга!»,- деп жазды ал.