alternatetext Багымдат: 04:24 | alternatetextКүн чыгуу: 06:08 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Жаңылыктар
Эң мыкты

Акыйкат кайда? Ууруну кармап алган Кыргызстандык мигрантты кайра өзүн камап коюшту (ВИДЕО)

Орусияда эмгектенге Сейдахмат аттуу мекендешибиз редакциябызга кайрылып, башынан өткөн окуяны айтып берди

Мен 52 жаштамын, атым Сейдахмат. Көп Кыргызстандыктын катарында Россияда мигрантмын. Москвада частный компанияда айдоочу болуп иштейм. Мен кичи автобус айдайм. Бир күнү адаттагыдай унаамды заправкага айдап келдим. Унаам газ менен жүргөндүктөн газ куюу жайы жакка токтотуп, кассага акча төлөө үчүн кеткенимде, унаага белгисиз адам келип, документтерим менен акчамдын баарын уурдап кетиптир. Мен андан кабарсыз жумушумду уланта бердим. Арадан болжолдуу жарым сааттан кийин сумкамдын жок экенин байкадым. Дароо унаа токтотуучу жайга барып, күзөт камераларынан карап, шектүү эч нерсе тапкан жокпуз.

Анан заправкадан уурдап кетти деген күмөнүм бышыкталып, ал жайга бардым. Заправканын кароолун мурда кийин көрүп жүргөндүктөн ал дароо артка түрдүрүп карап, уурунун видеого түшүп калган жерин көрсөттү. Андан кийин мага ошол райондун милиция кызматына арыз жазууну сунуштады. Мен орус тилин жакшы билген башка бир адамды алып ал жактан арыз жаздык. Тергөөчүлөр мени менен чогуу заправкадан текшерүү жүргүзүштү да мени кете бер дешти. Эртеси күнү мага байланышып тез арада РОВДга келишимди айтты. Мен ууру табылган экен деп кубанып, дароо жетип бардым. Анан эле уурунун ордуна мени алып кирип камап коюшса болобу. Өзүмдү жаман сезип жаттым… Эмне болгонун билбей эсимди жоготтум ангыча. Бир карасам тез жардам келип мага укол берип жатты. Өзүмө келип, өзүмдү жакшы сезип баштаганымда мага 4-5 кагаз алып келишип, мыйзамсыз миграцияда жүргөнүмдү, уруксат кагазым 7 күнгө эскиргенин айтышты. Кол коюп, аз өлчөмдөгү штрафты төлөтөбүз дешти. Мен макул болуп кол коюп жаттым. Анан ошол эле күнү түштөн кийин менин ишимди сот карайт деп алып кетишти. Барган жерде сот жок, калпеле күтүмүш болдук, бирок сот келген жок. Кайра эле РОВДга алып келишти да, соттун чечимин көрсөтүштү. Бир жуманын ичинде очойгон штрафты төлөп, Россия аймагынан чыгып кетишим керек экен. Мажбурлап кол койдурушуп, мени коё беришти.

Ууруну кармаган адамды ууру кылып, мойнуна күнөө илип жатышат. Балким ууру менен милиция табакташ бекен? Айтор, түрдүү күмөн ойлор кетпей жатат. Бул баарибир башка бирөөнүн өлкөсү, укугумду коргой албай, баарибир зулумдук көргөн боюнча кала беремби деген да бир ой кетпей жатат.

Урматтуу мекендештер! Мага бул жагдайда ким жардам бере алат? Дегеле кимге кайрыларымды билбей, башым таш болуп катып калды…

Сейдахмат М, Москва шаары

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button