Француз түрколог Жан-Поль Ру байыркы түрктөр тууралуу изилдеп жүрүп, саясий элитанын өзүнчө дини, карапайым элдин өзүнчө дини болгонун айткан…
Саясий элитанын башында кан турган жана кан теңирдин жердеги өкүлү болгон. Канга бийликти теңир берген. Теңирдин канга берген бийлиги «кут» деп аталган.
Кан эли менен бийик тоолорго чыгып, теңирге курмандык чалып турган. Тоо теңирге жакын, ал эми адамдардын арасынан кан теңирге жакын деген ишеним болгон. Ошого теңирге чалынчу курмандык мааракени кан өзү жетектеген экен. Эл кан аркылуу теңирге сыйынган. Теңир көктө болгон жана жалгыз деп кабыл алынган. Жалгыз теңир диний биримдик менен саясий биримдиктин символу болгон.
Эгер кан элин жакшы башкарып, аларды ач калтырбай бакса, анда канда теңирдин куту жүргөн. Эгер кан элин башкара албай, ынтымакты бекемдей албай элин ачка калтырса, анда теңирдин куту кандан качып кетти же теңир кутту кандан алып койду дешкен. Андай абалдагы кан бийликтен четтетилген же аксакалдар кеңеши тарабынан тактан түшүрүлгөн. Кан шайланбай калып же өлкө бөлүнүп кеткенде, ар уруу өз алдынча өзүнүн ыйыктарына сыйынып кеткен. Мына ушундай абалда жалгыз теңирге сыйынбай калышкан делет. Демек, биримдик болгон кезде жалгыз теңирге сыйынышканын, биримдик жоголгон кезде жалгыз теңирге сыйынбай калышканын түшүнсөк болгон…
Жогорудагы Жан-Поль Рунун көз-карашына таянышып, түрк элдеринин теңирчилик деген диндери болгон деп жүрүшөт. Муну айткандар да дал ошол өздөрүн теңирчи деп атагандар. Алардын мындан башка конкреттүү далилдери болбой атат.
Түрк тилдүү өлкөлөрдөгү интеллигенциянын айрым өкүлдөрү «теңирчилик» деген ураан менен жүрүшөт. Теңирчилик дегенди алар философиялык окуу, идеология, дин, дүйнө тааным, кыскасы ар нерсе дешет. Дин катары түшүнөйүн десең, ошол интеллигенция өкүлдөрү атеизм доорунда тарбияланган атеисттер болуп чыгып атат. Философия дейин десең, теңирчиликти дийин система катары түшүндүрүшүп атат. Алар түрк элдеринин буддизмди/зороастризмди/манихеизмди/иудаизмди/исламды/христианчылыкты кабыл алганга чейин теңирчилик менен жашаганын айтып келишет. Тарыхта теңирчилик деген дин болгону айтылбайт, болгону теңирге сыйынып келишкен. Аны ошо кезде эч ким теңирчилик деген эмес. Макул, ошо теңирге сыйынышкан жөрөлгөлөрдүн бүтүнүн теңирчилик дейли, бирок ал кездеги менен учурдагы теңирчилик бири-бирине дал келбей атпайбы? Илгеркидей кабыл ала турган болсок, анда теңирчиликти президент гана башкарышы керек жана катардагы адамдар ага аралаша алышпайт.
Кыскасы, теңирчилик деген түшүнүктү дин дей албайбыз. Теңирчилик–бул СССР ыдырагандан кийин саясий туңгуюкка кабылган түрк элдеринин айрым интеллигенциясы тарабынан иштеп чыккан идеология. Тарыхта теңирге кан менен бирге саясий элита сыйынган, эл аларды ээрчиген. Теңирчиликтин интеллигенция тарабынан көтөрүлгөнү да бекеринен эмес экен. Дин болсо адамга руханий азык бере турган система. Теңирчилик адамга руханий азык бере албайт. Аны көтөрүп чыккан адамдар атеист болгондуктан, аларды элдин руханий азыгы кызыктырбайт.