Чыгыш Түркистандагы уйгурларга жасалып жаткан зулумдуктарга каршы, Түркиялыктар «Үнсүз кыйкырык» аталышында жөө жүрүшкө чыгышты. Андан кийин маалымат жыйынын өткөрүп, Кытай бийлигине бир катар талаптарды коюшту.
Намаз окууга, орозо кармоого, эркин саякаттоого, диний билим алууга катуу тыюу салынган Чыгыш Түркистан аймагында Кытай бийлигинин зулумдугу уланууда. Ал аймакты байырлаган уйгур, кыргыз, казак ж.б элдер оор шарттарда жашаганы аз келгенсип, бийликтин ассимиляциялоо кылуу аракетинин курмандыгына айланышууда. Кытайдагы кайра тарбиялоочу лагерлердин жабылышын, Кытай бийлигинин зулумдуктарын токтотуусун талап кылган эл Стамбулдагы «Фатих» мечитинин жанындагы «Бейазыт» майданына чогулушту.