Кыш мезгили күндүн эң кыскасы, түндүн эң узуну болгон ибадат кылууда мусулман пенделерин үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдүн бири. Каза намаз, каза орозо кармоодо, түн кечесинде тахажжуд намаздарын окууга ыңгайлуу . Анткени жаз, жай, күз айларында жумуш себебинен ибадат кылууга жетишпей калабыз. Кыш айларында жумуш аз болот. Сөздүн төгүнө келгенибизде сиздин беш убак намазыңызга бекем, кабырыңызда, акыретиңизде, өлүмүңүздө нур,напсиңизди сындыра турган, илимиңизге, өмүрүңүзгө, жашооңузга береке алып келе турган, дубаларыңыз сөзсүз кабыл боло турган тахажжуд намазы тууралуу сөз кылмакчыбыз…
Түн жарымда тахажжуд намазына туруп калдым. Ал учурда ой пикириң тунук болот эмеспи.Олтуруп ушул ойго келдим :
— Беш маал намазга азанчы мечитке чакырат.Ал эм- Беш маал намазды окубасам күнөөгө батып каламын дешиңиз мүмкүн, ал эми тахажжуд намазды өз ыктыярыныз менен Аллага жакындап, Ага жагымдуу,сүйүктүү кул болоюн деп окуйт экенсиз…
— Беш маал намаздын азанын адамдардын бардыгы эле угат экен, ал эми түн ортосундагы тахажжуд намаздын чакырыгын такыбаАлланын сүйүктүү гана адамдары угат экен.
— Беш маал намаздын чакырыгы : » Намазга келгиле» «Азаптан кутулгула» — десе. Ал эми түн ортосундагы тахажжуд намаздын чакырыгы :
» Ким эмне сурайт сураганын берейин.Кечирим сураган барбы кечирейин.»дейт Жараткан.
— Беш маал намазды көпчүлүк мусулмандар окушат, ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазды Алланын сүйүктүү такыба пенделери окуйт.
— Беш маал намазда эл көрсүн деген (рия) аралашы мүмкүн, ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазы чыныгы ыклас менен Алла үчүн гана окулат.
— Беш маал намазда шайтан азгырып дүйнө пикирлери ойду алышы мүмкүн, ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазында дүйнөдөн үзүлүп Алла менен тунук байланыш.
— Беш маал намазды кээде мечиттен бир адамга жолугуп намазды да кошо окуп келейин деп ойлошунуз мүмкүн, ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазында Аллага гана кайрылып бардык дартынызды айтып Ага жалыны жалбарайын деп гана турасыз.
— Беш маал намаздагы дубаныз кабыл болот деңизчи, бирок түн ортосундагы кылынган дубаны Аллахым сөзсүз кабыл кылам деп убада берген эмеспи.( «Түн ортосунда сураган барбы берейин»)..
☝🏻Сөзүмдүн аягында айтайын дегеним, беш маал намаздын кадыр баркын түшүрүп же ага кайдыгер боло берсе болот дегенден алысмын.Кайра беш маал намазга бекем болуп, жүрөгүңүз жарып, жүзүңүздөн нур төгүлүп Алланын эң жакын сүйүктүү пенделеринен болосуз ин ша Аллах! Аллага касам ичип айтамын беш маал намазы оңолбосо түн ортосундагы тахажжуд намазга тура албайт.Алла бардыгыбызды беш маал намазга бекем болгон сүйүктүү кулдарынан кылып, түн ортосундагы тахажжуд намазга туруп окууну насип кылсын. Аминь..
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG