Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Мирбек кызы Ханифа буга чейин дүйнөлүк Куран жарыштарында байгелүү орундарга ээ болгондугу үчүн Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин баш имам хатиби Мырза кары Осмонов ыраазычылык баракчасы менен сыйлап, белектерин тапшырды. “Балдарыбызга Куран окууну үйрөтүүбүз, аны жаман иштерден кайтарганыбыз болуп саналат. Ханифанын ийгилиги биздин ийгилик. Андыктан улан-кыздарыбыз илим жолунда жүрүп, коомубузга салым кошуп, жаштарга өрнөк болуп жүрө беришине тилектешмин”-деди Мырза кары Осмонов.
Белгилей кетсек, Мирбек кызы Ханифа ушул жылы кыздар арасында Египет мамлекетинде өткөрүлгөн Куран жарышында 1-орунга ээ болгон. Ал эми ноябрь айында Индонезия мамлекети тарабынан уюштурулган дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунга татыган.
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG