1) Иммунитетти жогорулатып, адамдын иммундук түзүмүн бекемдейт.
2) Көздүн көрүүсүн жакшыртат.
3) Организмдин кислота балансын сактайт.
4) Организмдеги зыяндуу бактерияларды жок кылат.
5) Жүрөктүн иштөөсүн жөнгө салат.
6) Курма жүрөктү, боорду жана бөйрөктү чыңдайт.
7) Аз кандуулуктун алдын алат.
8) Канды азыктандырат, аз кандуулукка жана гипертонияга пайдалуу.
9) Ичегилердеги пайдалуу микрофлоранын сакталышына салым кошот.
10) Канцорегендердин пайда болуусун токтотот;
11) Мээнин түпкү учтарынын өрчүшүнө өбөлгө түзөт.
12) Мээнин ишин стимулдаштырат.
13) Нерв системасын бекемдейт.
14) Эркектердин тукумсуз болуусунан сактайт.
15) Кан басымдын жогорулоосун жөнгө салат.
16) Жүрөктүн ишин стимулдаштырат.
17) Кандагы холестеринди азайтат.
18) Организмди картаюудан сактайт.
19) Курма адамдарга зыяндуу вирустарды жана бактерияларды ташыбайт.
20) Курма адамдын денесиндеги зыяндуу бактерияларды жана амебаларды кырат.
21) Курма космонавттар үчүн алмашкыс азык.
22) Бекемдөөчү агент катары кызмат кылат.
23) Узак оорудан кийин күчтү калыбына келтирет.
24) Физикалык чарчоого каршы. Дене чарчаганда жесе анын курамындагы заттар денени көп өтпөй өз калыбына келтирет.
25) Курманы ошондой эле мээ чарчаганда жесе, анын иштеши 20% га жогорулайт.
26) Курманы диабетте колдонсо болот,
27) Рак коркунучун азайтат.
28) Нервдерди өз ордунда кармайт;
29) Бет нервинин шал оорусунда жардам берет.
30) Тиштерди жана мүлктү ар кандай зыяндуу бактериялардан коргойт;
31) Кан басымын өз калыбында кармайт;
32) Зат алмашууну туруктуу абалда калыптайт.
33) Денеден оор металлдарды жана иондорду чыгарат.
34) Канды суюлтат.
35) Артриттин алдын алат
36) Организмден уулуу заттарды чыгарат.
37) Семирүүгө каршы күрөшүүдө жана салмак кошууну азайтууда эффективдүү.
38) Бөйрөктөрдүн жакшы иштешине жардам берет.
39) Ичеги-карын ооруларынын иштешин нормалдаштырат.
40) Курамындагы калий денедеги кислота-негиздин тең салмактуулугун жана булчуңдардын жыйрылышын шарттайт.
41) Либидону күчөтөт. Курма афродизиак катары мурунку кылымдарда кеңири колдонулуп келген.
42) Өпкөнүн иштешин өркүндөтөт.
43) Жөтөлдү басат жана какырыкты кетирет.
44) Дем алуу кыйындап же жүрөк ооруганда жесе, анын курамындагы заттар дем алуу түзүмүнүн жана жүрөктүн согушун өз ордуна келтирет.
45) Курманын курамындагы А витамини адамдын караңгыда көрүүсүн камсыз кылат.
46) Курманын курамындагы В витамини анын булчуңдарынын өнүгүүсүнө зор өбөлгө түзөт;
47) Курманы ачка жесе денедеги курттар кырылат;
48) Арыктоону каалагандар үчүн пайдалуу жана кандагы таттууларды алмаштырат.
49) Боюнда бар аялдардын иммунитетин жогорулатып, түйүлдүктүн толук кандуу өрчүүсүнө шарт түзөт.
50) Кош бойлуулук учурунда өзгөчө пайдалуу, жатынды бекемдейт жана бала түшпөй төрөлөт.
51) Төрөттү жеңилдетет,
52) Курма аялдардын жатынын төрөттөн соң өтө тез калыбына келтирүүгө жардам берет;
53) Организмде сүт өндүрүлүп, эненин сүтү кубаттуу болуп көбөйө баштайт жана эне сүтүн маанилүү витаминдер менен байытат.
54) Клеткалардын бузулушун алдын алууга жардам берет, ошондой эле сезгенүүгө каршы касиетке ээ.
55) Курма мөмөсү карып жаткан клеткаларды кайра калыбына келтире алган триптофан затына бай. Триптофан башка жемиштерде жолукпайт. Айтмакчы, триптофан адамды дайым тынч калыпта кармап турат жана уйкусун да жайлуу кылат.
56) Курмада глютамин аминокислотасы бар, ал адамдын ашказанын өз калыбына келтирет. Анын зарнасын дарылайт.
57) Ашказан ооруганда жесе анын курамындагы пектин ичегилерди бекемдеп, анда рак оорусунун алдын алат.
58) Курма антиоксиданттардын бир нече түрүн камтыйт, алар жүрөк, рак, кант диабети сыяктуу өнөкөт оорулардын алдын алат.
59) Ич катуунун алдын алат. Курмада була көп. Белгилүү бир изилдөөдө, курманы керектөө тамак сиңирүүнү тездетип, анын ичинде дефекация процессине жардам берет, ошондуктан ич катуунун алдын алат.
60) Кандагы кантты көзөмөлдөйт.
Курмадагы клетка тамак жегенден кийин кандагы канттын деңгээли өтө жогорулап кетишинин алдын алат. Мындан тышкары, курма гликемиялык индексинин төмөндүгүнөн кандагы кантты көзөмөлдөөгө жардам берет жана антиоксидант катары иштейт.
61) Адам узак убакытка чейин курманы жей алат, алардан бардык керектүү азык комплексин алат!
62) Богок оорусу менен ооругандар үчүн йодго бай курма — табылгыс дары. Ошол себептен богок илдетине чалдыккандар бир күндө 3 маал бирден курма жеп туруусу керек.
63) Бир сөз менен курма – азык, дары жана таттуулук.
Элдик табыпчылыкта:
1) Баш ооруган (мигрень) учурда күнүнө 50-100 гр курма жеп туруу сунуш кылынат.
2) Нерв ооруларында, 7 даана курманы сүт менен ичүү нервди тынчтандырат.
3) Инсультта сууга кайнатылган күрүч менен бирге курманы жеген жакшы.
4) Ичегилердин жакшы иштөөсү үчүн күн сайын, эртең менен тамактан алдын 7 даана курма жеп турган жакшы.
5) Аз кандуулукта, күнүнө 10 даанадан кем эмес курма жеш керек.
6) Ашказан ооруп же көпкөндө – ныкталган курманы майдаланган кара зире менен жеш керек.
7) Өтө арыктап кеткенде курма мөмөлөрүнөн чай демдеп, күрүч менен кошо ичиш керек.
8) Семире албай жүргөндөр курма менен бадыраң жесе жакшы семирет.
9) Курма менен дарбызды жегенде анын дарылык касиети жогорулайт.#пайдалуу
Окуп жана бөлүшүңүз, мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет…
Интернет булактарынан алынды
Hi, I think yoour website mighht bbe havung brfowser compatibility issues.
When I loook aat your blog in Firefox, it ooks fin but whwn opening
iin Internet Explorer, itt has somje overlapping.
I jjust wanhted to give yoou a qick heads up! Other the that, exccellent blog!