2016-жылдын 9-апрелинде Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан “Тарых жана Маданият” жылына карата дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын арасында волейбол жана футбол боюнча “Спорт тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш өткөрүлөт. Аталган мелдешке Ош облусунун 7 районунун дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын мугалимдери менен студенттери катышмакчы. Спорттук мелдешке жалпысы 20дан ашуун командалардын катышуусу күтүлүүдө. Спорттук мелдештин негизги максаты дин кызматкерлеринин спортко болгон кызыгуусун арттыруу аркылуу сергек жашоого үндөө жана ар түрдүү терс агымдардын алдын алууга үндөө болуп саналат. Мелдеш Ош мамлекеттик университетинин Биология факультетинин спорттук залында саат 9:00дө башталмакчы.
Кошумча маалымат үчүн (0554651212), 0557909060
Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
Ош облусунда “Тарых жана Маданият” жылына карата “Спорт тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш өткөрүлөт
Пикир калтырыңыз
Пикир калтырыңыз