Бир күнү түн жарымда караңгыда көз тапкан, кысталышта сөз тапкан чечендиги менен да элге таанымал болгон бир имамдын эшигин түн жарымында бирөө каккылап калат. Уйкусуроо менен туруп келип:
–Ким бул? – деп сурайт.
–Бул мен! – деген жоопту угат.
–Мен деген ким? – деп кайта сураганда:
–Адам баласымын! – деген жооп болот. Муну уккан имам ошол замат эшигин ачып, сыртка чыгып, ал адамды кучактап, маңдайынан өбөт да:
–Саламатсыңбы, Адам баласы? Кош келипсиң! Мен силердин тукумуңардан эч ким калбай калганбы деп жүрдүм эле… – деп кош колдоп үйүнө киргизип кетет.
Бир нерсенин бара-бара азайып, өтө аз өлчөмдө калышы анын баалуулугу артып, баркы көтөрүлүшүнө алып келет. Бүгүнкү күндө чыныгы адамдык сапаттардын дагы акырындап жоголуп баратышы ал сапаттарга ээ болгондордун баасын арттырууда. Ошондуктан, башкалардын ага карата адамдай мамиле кылуусун, эл издеген, элге керектүү адам болууну каалаган ар бир адам чыныгы адамдык сапаттарын жоготпоого, бир сөз менен айтканда, АДАМ болууга тырышуусу керек.