Түрк улутундагы Али Салих Ифлазоглу Бишкекке 17 жыл мурун Түркиядан көчүп келген. Кыргыз аялга үйлөндү, кафе ачып бизнесин түптөдү. Бул убакыттын ичинде чет элдик инвестор көптөгөн кыйынчылыктарды көрдү – эки кафени жергиликтүү аткаминерлер тартып алышып, калган карыз моюнуна илинип, бизнесмен дагы эле төлөп келе жатат.
Бирок Али көңүлү калбаганын айтып, ал дагы эле Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну улантып келатат. Ал Кыргызстандын гүлдөп-өнүккөн мамлекет болушуна ишенет.
— Али мырза, алгачкы жолу Бишкекке келгенде кандай таасир алдыңыз?
— Мындан 17 жыл мурун Түркиядагы Хатай Самантоо шаарынан келгем. Бишкек жашыл шаар экенин, жылдан-жылга өнүгүп жатканын байкадым. Бирок кээ бир көчөлөрдүн бир багыттуу болуп калганы мага жакпайт. Мындан улам унаа тыгындары пайда болууда. Саат 17:00дөн 20:00гө чейин унаа айдап жүрүүгө болбойт. Мен келгенден бери мэрлер алмашты, бирок башаламан бойдон калууда.
Мен бул жерде жашап баштаганда, мектепте чогуу окуган классташтардын 40 жылдан кийин чогулуп жатканына таң калдым. Түркияда андай нерсе жок.
— Эмне үчүн кафе ачууну чечтиңиз?
Адам колунан келген ишти кылыш керек. Мен ашпозмун. Чоң атам мага көп айтчу: «Өзүңдүн жумушуңду билбесең, ашыңды таап жей албайсың» деп.
Бул жерде иштегениме 17 жылдай болуп калды, кафелериме 1 миллион доллар короттум. Менин ишим баламдай. Уулум кафеде эле чоңойду. Бизнесимди тартып алышканда баарын Кудайдын эркине тапшырдым.
Мисалы, менин бизнесимди тарытп алган адам депутат болчу. Ал каза болгондо жаназасына барып кечирдим дедим. Туугандары мени жаңжал чыгаруу үчүн келди деп ойлошкон. Баарын кечиргенимде таң калышты.
“Бул киши байлыгын өзү менен кошо көргө алып кеткен эмес. Жаткан жери жайлуу болсун” деп көңүл айтып кете бердим.
— Канчалаган кыйынчылыктарды баштан өткөрүпсүз. Эмне үчүн Түркияга кайра кеткен жоксуз?
«Ооба, мен көп нерсени баштан өткөрдүм. Үй-бүлөмдү коркутуп, мен өзүм бутуман жарадар болдум. Албетте, ушундан кийин Түркияга кайткым келген. Бирок, биринчиден, менин карызым көп, аларды дагы эле төлөп бүтө элекмин. Мага туугандарым жардам беришүүдө. Экинчиден мен Кыргызстанды экинчи мекеним деп эсептейм. Бул аралыкта жаман да, жакшы да адамдарды жолуктурдум. Мен бардыгы үчүн Кыргызстанга ыраазымын!
— Биздин элдерде кандай окшоштуктар бар, кандай айырмачылыктар бар?
— Түрктөр менен кыргыздар боорукердиги, ошондой эле кыйын учурда бириккендиги менен окшош. Баткенде акыркы каргашалуу окуя болгондо кыргыз эли кантип бириккенин карачы. Эл акыркы нанын да узатышты.
Кыргызстанды экинчи мекеним деп эсептеп эле куру сөз менен калбайм, аны коргоп, согушка барганга да даярмын. Бул ар бир Кыргызстандыктын милдети деп билем.
Байкашымча, кайсы жерине барсам да, ар сыйлуу конок катары тосуп алышат, кой союшат. Түркияда да ошондой. Менин кичи мекенимде алгач дасторконго отургузуп, тоюндуруп, анан башка маселелер талкууланат.
Түркияда бир үйдө адам каза болсо, ал үйдө бир жума тамак жасабайт. Кошуналары тамак-аш алып келишет. Кыргызда башкачараак нерсени байкаддым. Адам өлгөндө жаназага келгендерге тамак жасап берет.
— Сиз кыргызча так сүйлөйт экенсиз. Кыргызчаны мыкты деңээлде үйрөнүүгө кантип жетиштиңиз?
— Мен эки окуу жайда окудум – алгач И. Арабаев атындагы институтта, андан кийин ашпозчулукка окуган. Мен Кыргызстандын тарыхын, дээрлик бардык майрамдарын билем. Кээ бир чогуу окуган кыргыз курсташтарым мугалимдин мен жооп берген суроолоруна жооп бере албай калышты.
Жакында кыргыз досторумду майрамы менен куттуктадым, эмне майрам деп сурашты. 23-сентябрь кыргыз тилинин күнү экенин айтсам, таң калышты.
Көрсө кээ бирөөлөр билбейт экен. Алар 14-февраль майрамын билишет, бирок Эне тил күнү тууралуу билишпейт. Бирок, өз өлкөңдүн тилин билүү маанилүү деп ойлойм.
— Бишкекте көп барган жериңиз барбы?
— Эс алуу күндөрүм дээрлик жок. Убактымдын көбүн жумушта өткөрөм. Ашканам менин жакшы көргөн жерим.
Мурда үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө барчубуз, азыр ага да убактыбыз жок. Бирок жубайым менен кызым Түркиядан келгенден кийин тоого чыккым келет.
— Жубайыңыз менен Бишкекте таанышканыңызды айттыңыз. Ал кандайча болду?
«Жубайым экөөбүз 15 жылдан бери чогуу жашайбыз. Ал менин жумушумдун жанында иштечү. Кыздын достору менен тынбай келгенин, түркчө сүйлөгөнүн көрдүм, аны менен таанышкым келди. Ал келгенде порцияларына кардарлар күткөндөн да көп тамак салып, досторуна менюда жазылган көлөмдө тамак бердим.
Мен болочок жубайыма сүйүүм ойгонуп, келсе экен деп күнүгө күтө баштадым, анын жумуштан канчада чыгып, атайын көчөгө чыкканын билчүмүн. Экөөбүз дос болдук, анан баш коштук. Мен эки жолу той өткөрдүм – Бишкекте жана Түркияда.
— Улуттук тамак-аштан эмнелер жагат?
— Тамак-ашта жөнөкөй эмесмин. Лагман, бешбармак жана башка улуттук тамактарды жейм. Түркияда жылкынын этин жешпейт, анткени ар бир эркектин жылкысы, куралы, жары болушу керек деп эсептешет. Биринчи жолу жылкынын этин тойго жедим. Чоң устукандарды эркектерге беришип, өзүмдү ыңгайсыз сезип, мен да жей баштадым. Анан билдим: абдан даамдуу экен.