alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар
Эң мыкты

«Коңшусу ач, өзү ток отургандар бизден эмес!». Коңшу күтүүнүн 12 адеби

Коңшу акысы динибиздеги абдан маанилүү маселелердин бири. Азыркы учурда тилекке каршы, көптөгөн адамдар кошуналары менен жакшы мамиле курбайт. Айрыкча шаар жергесинде кошунага маани берилбейт. Ислам дини кошуналар менен катташууну, аларга жакшы мамиле кылууну буюрат. Хадисте өзүңө мөмө-жемиш сатып алган болсоң, бир бөлүгүн кошунаңа берүүң керектиги, эгер мүмкүн болбосо анын үстүн жаап, байкатпай үйүңө алып барууң насаат кылынат. Ошондой эле коңшулардын балдарынын көзүн күйгүзбөшүң үчүн балаңдын колуна мөмө-жемиш берип сыртка чыгарбашың керектиги айтылат.

Мындан сырткары кошунага эч кандай зыян берүүгө болбосун, ал тургай тамактын жагымдуу жыты менен болсо да тынчын албоо керектигин билебиз. Эгерде тамактын жыты коңшунун үйүнө жетип калса, анда тамактын бир бөлүгүн ага алып баруу сунушталат. Албетте мунун баары кошунага маани берүү, аны капа кылбоо, көңүлүн чөгөрбөөгө байланыштуу эреже жана адептер болуп эсептелет.

Төмөндө кошуналарга байланыштуу айрым укуктар жөнүндө сөз кылабыз.

1. Жакшы кошуна тандоо (Ибну Хиббан);

2. Кошуна менен ар дайым жакшы мамиледе болу (Муслим);

3. Тили жана колу менен кыйынчылык жеткирбөө (Бухари);

4. Андан келген кыйынчылыктарга сабыр кылуу;

5. Эгер зыян болбосо, кошунасын чек-аралаш турган дубалга мык уруу ж.б. зарылчылыктарын бүтүрүүдөн тыйбоо (Бухари);

6. Кайгы-капа, курсанчылыкта бирге болу;

7. Өзү жакшы көргөн нерсени кошунасы үчүн да ыраа көрүү (Муслим);

8. Муктаж кошунасына мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүү (Байхаки);

9. Кошунага белекти кичине деп санап, бербей койбоо (Бухари)

10. Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу;

11. Эгер үйүн сатууну кааласа, анда алгач кошунасына сунуштоо (Ибну Маажа);

12. Жалпы мусулманга болгон акыларды кошуна менен болгон мамиледе да аткаруу.

«Аллага жана Кыямат күнүнө ишенген адам жакшы сүйлөсүн же унчукпасын. Аллага жана Кыямат күнүнө ыйман келтирген адам кошунасын сыйласын. Аллага жана Кыямат күнүнө ыйман келтирген момун коногун жакшы тосуп алсын» (Бухари, Муслим).

Оо, Алла Таала! Баарыбызга сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) сүннөттөрүн толук карманууга мүмкүнчүлүк бер. «Оо Эгем, бизге бул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бер, бизди тозоктун азабынан куткар!» (Бакара сүрөсү, 201-аят).

Даярдаган: Шамиль Идиза, Чүй казыятынын пресса адиси

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Earn on investments in cryptocurrency, up to 300% per month — [url=https://go-link.ru/P4KAl]MoneysCrypto[/url]

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button