Илим алуу күндө кудук казгандай,
Илим чануу түнгө башын каткандай.
Бириң Күндөй нуруң төксөң жылытып,
Бириң түндө Ай жарыгын чачкандай.
Абдышүкүр андай деген жандар бар,
Аалым Чубак мындай деген андан бар.
Аларга эми бир жылмайып койгула,
Ал анткени устазыңар Пайгамбар.
Периште эмес көрүнбөгөн сыр болуп,
Пенде өтпөйт өмүр бою сый болуп.
Үммөт үчүн кылганыңар , өлгөндө,
Үйүңөргө жетип турар нур болуп.
Бириң момун сакал коюп жасанып,
Бириң сонун сакалы жок жашарып.
Жаан өңдүү гүл сугарган сөздөрдөн,
Жан дүйнөлөр бара жатат тазарып.
Акыйкатты кантип айтпай туралам,
Агаларым сүйлөгөндө кубанам.
Алты аятты туура окубай түшүнүп,
Аалым болуп алгандардан уялам.
Абдан терең жалган айтып не керек,
Абдышүкүр кутбалары керемет.
Чубак ажы окуп бүткөн китепти,
Чудо жандар түшүндө да көрө элек.
Өмүр кыска, жаз, жай өтүп күз келет,
Өлүм бир күн жашообузду бүткөрөт.
Эки аалымым кыйшык баса көрбөгүн,
Экөөңөргө көп урпактар түздөнөт.
Чуркап келип суу ичкендей болушту,
Чубак ажы берген кезде жоопту.
Устаранын мизи менен баскандай,
Устаз болуу — сооптуу да, кооптуу.
Ырын угуп, сыйын көрүп турмуштун,
Ынтымакта биз жашайлы бир муштум.
Бардыгына бакыт тилеп ыйлаган,
Бар болгула сыймыктары Кыргыздын.