21.1 C
Bishkek
10.07.2025
Жаңылыктар

Ажылык парзын аткаруу үчүн ыйык жерлерге барган 31 киши каза болду

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттигинин (SPA) кабарына караганда, Паспорт директорлугу ажылык парзын аткаруу үчүн өлкөнүн тышынан барган 31 адамдын көз жумганын билдирди.

Кабарда алардын эмне себептен каза болгондору жөнүндө маалымат берилген жок.

Паспорт директорлугу, быйыл ажылык милдетин аткаруу үчүн баргандардан орто эсеп менен 614 миңинин аба жолун, 8 миңинин авто жолун жана 487синин деңиз жолун колдонгонун билдирген болчу.

Сауд Арабиянын расмий көрсөткүчтөрүнө караганда, ыйык жерлерди өткөн жылы 1 миллион 900 миң киши зыярат кылды.

Related posts

Садака-фитирди MegaPay тиркемеси аркылуу берсеңиз болот

Ош облусунун казысы Кара-Суу районундагы имамдардын билимин жогорулатуу үчүн атайын окуу курстарын уюштурууда

Баткенде ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өтүп, протоколдук тапшырмалар берилди

Leave a Comment