Белгилүү актёр Арнольд Шварценеггер өз айкелинин астында уктап жаткан сүрөтүн жарыялап, капаланып: «Заман ушунчалык өзгөрөт» деп жазган. Арнольд Калифорниянын губернатору болуп турганда ушул мейманкананы ачып берген эле.
Ошол учурда мейманкананын жетекчилиги Арнольдго: “Каалаган убакта келип, сиз үчүн брондолгон номерди алышыңыз мүмкүн» деп айткан эле. Арнольд губернаторлук кызматын таштагандан кийин мейманканага келгенде, алар ага бекер бөлмө берүүдөн баш тартып, акча талап кылышкан, анткени алардын мейманканалары эл арасында чоң талапка ээ болуп калган эле.
Ал уктоо үчүн кап алып келип, анын астында уктады жана буга ушундай комментарий берди:
«Мен маанилүү кызматта турганда мени дайыма макташкан, мен ал кызматымды жоготкондон кийин, алар мени унутушту, убадаларынын үстүнөн чыга алышпады. Өз кызматыңыз, акчаларыңыз, күчүңүзгө, аброюңузга, ишенбеңиз эч нерсе түбөлүктүү эмес!”