alternatetext Багымдат: 06:18 | alternatetextКүн чыгуу: 07:49 | alternatetext Бешим: 13:18 | alternatetextАср: 17:00 | alternatetextШам: 18:44 | alternatetextКуптан: 20:18
АалымдарӨрнөктүү өмүрлөр

Дааватка чыгуу парзбы? Молдо Талибжандын окуясы

2001-жылы кышта үч күнгө дааватка чыктым. Өмүрүмдө биринчи жолу чыкканым. Эки күн жүрдүк. Экинчи күнү кечинде олбурлуу, салабаттуу сакалы жайкалган киши келип кошулду. Сүйлөгөн сөзү өткүр, улууга да, кичүүгө да буйрук берип, сүйлөгөнүнөн илимдүү экенин байкадым. Таанышсак, атын алыстан угуп жүргөн молдо Талибжан деген экен. Агамдан устазы эле, андан бул киши тууралуу көп укканмын. Келген кызык окуя болду. Биз менен дааваттын атасы, айтылуу Абдулла шейх да чогуу болчу. Ал киши “чач өстүргөн сүннөт “деп чачын ийнине түшүрө өстүрүп алыптыр. Молдо Талибжан келери менен «чачты кырдыруу да сүннөт» деп, ийинге түшкөн чачын жалтырата кырып салды. Молдо Талибжан динди бекем кармаган, кесе-кесе сүйлөгөн киши экен. Түнү менен намаз окуйт. Фыкых маселесинде аалым экени суроого жооп бергенинен эле маалым. Бул киши тээ союз учурунда эле жашынып балдарды окутуп жүргөн экен. Асранкулов Абдулла устаз, молдо Халил деген дамыллалар ушул кишиден сабак алган экен. Бала окутуп эле тим болбой, жашырынып, жер жертөлөгө басмакана ачып, кыргыз, өзбек, тажик аалымдарын арап, перс тилиндеги китептер менен камсыздап турган экен. Мындан сырткары алтын менен соода кылчу экен. Бул иштерин КГБ билип калып, үйүн тинтип бир төөгө жүк акчасын, беш килограмм алтынын мамлекетке алып, өзүн түрмөгө отургузат. Мөөнөтүн өтөп абактан чыккандан кийин, эр жүрөк киши кайра эле баягы ишин кылып, балдарды окутуп, китеп чыгаруу ишин кайра улантыптыр. Эми минтип жашы улгайып калганда даават жолунда жүргөндү адат кылган экен.

Ушул киши кечээ жакында дүйнодөн өтүп кетти. Мурдагы жума шакиртерине сабагын берген экен, кийинки сабагына өмүрү жетпей, Аллахтын алдына кете берди.

Айтайын дегеним:

Биринчи: Дааватка чык. Дааватка чыгуу — бул үйрөнүү же түздөнүү. Башкача айтканда жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюу. Дааватка чыксаң, көп нерсени үйрөнүп түздөлүп келесиң. Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу, тагыраагы даават кылуу – бул, парз. Ал эми үч күн же кырк күнгө дааватка чыгуу даават жолун үйрөнүү үчүн түзүлгөн тартип.

Экинчи: Билгениңди үйрөт. Оболу билим алуу парз. Анткени өзүңдө жокту башкага кантип бересиң. Имам Бухари китебинде илим тууралуу бөлүмгө “Илим алуу, сөз айтуудан

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button