alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Коом

Эксперт: Диний-экстремисттик топтордун Борбор Азияга коркунучу токтой элек

Борбор Азия мамлекеттеринде диний — экстремисттик топтордун аракети, аларга карата аймактын расмий бийликтери кантип каршы күрөшүп жатат жана башка жагдайлар тууралуу Кыргызстандагы белгилүү диний эксперт Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.

— Канатбек мырза, бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү диний-экстремисттик топтордун коркунучу кандай деңгээлде?

— Учурда Борбор Азия чөлкөмүндө диний кырдаал, ошол эле экстремисттик уюдардын ишмердүүлүгүнө байланышкан абал бир кылка стабилдүү болуп турат. Менимче орус-украин кагылышуусунан улам көпчүлүк учурда диний-экстремисттик топтордун жана алардын жалданма согушкерлеринин көңүлү бул чыр-чаттака бурулууда. Дүйнө коомчулугунун кызыгуусу деле Афганистанда эки жылдан бери бийлик жүргүзүп аткан “Талибан” кыймылынына эмес, дал ушул орус-украин чатагына бурулуп жатат.

Бирок радикализм коркунучун, ар түрдүү террордук топтордун ишмердүүлүгүн жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстанда четке кагууга мүмкүн эмес. Өзүңүз жакшы билгендей эле акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн кармалышы күн санап жарыяланып жатат. Бул эмнени көрсөтүүдө? Сириядагы, Ирактагы чыр-чатактардын активдүү фазасы бүткөндөн кийин “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жана ага тилектеш экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү Афганистанга өтүп кеткен деген маалыматтар бар. Ошол эле учурда алардын Борбор Азияда, анын катарында Кыргызстанда уктап жаткан ячейкаларынын ишмердүүлүгү бизге коркунуч туудурууда.

Мына, 22-ноябрда эле Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда “Ислам мамлекети” кыймылынын мүчөлөрүнүн кармалышы буга айкын мисал болуп бере алат. Кармалгандардын бирөөсү мурда терроризм беренеси менен соттолгондугу да айтылууда.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринде болсо экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланышкан абал боюнча мисалы, Өзбекстанда абал туруктуу. Тажикстан Афганистан менен чектешкендиктен, “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин “Рахмон биздин бийликке кийлигишип атат” деген жүйө менен Эмомали Рахмондун бийлигине сес көрсөтүп, “Өлүм батольону” деген аталыштагы жоокерлерин Тажикстан менен болгон чек арага алып келип койгон фактылар дагы орун алган. Демек, ал жакта абал кооптуу болуп саналат. Кыргызстандагы абал көзөмөлдү талап кылат. Казахстанда дагы бул маселе бир аз олуттуу. Себеби быйыл январда Алматыда, Астанада болгон окуядан кийин өлкөнүн расмий бийлиги, күч органдары тарабынан бул тополоңдун уюштуруучулары салафиттик кыймылдардын мүчөлөрү деген божомол айтылып, алар колго түшүп, суракка алынууда. Бул дагы кандайдыр бир деңгээлде коркунуч жаратат.

Биз эч качан радикализмди, террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн бир эле Борбор Азия аймагына эмес, бүтүндөй Жакынкы Чыгыш чөлкөмүнө коркунуч жаратарын четке какпашыбыз керек.

— Бир динди карманган мусулмандардын башын кантип бириктирип, экстремизмдин күч алуу тенденциясынын алдын алса болот?

— Бул өтө кыйын маселе. Себеби ислам дининин ичинде ар кандай көз караштар, мазхабдар, ошол эле мазхабдардын ичиндеги ар түрдүү жамааттардын ишин бириктирүү, координациялоо менимче кандайдыр бир деңгээлде убакытты талап кыла турган маселе. Ал үчүн ошол мазхабдардын ичинде же кандайдыр бир агымдардын лидерлери, ошол эле “Ислам лигасы” уюму же “Ислам конференциясы” эл аралык уюмдарынын алкагында бир диалогго келиш керек. Алар тиешелүү резолюцияларды кабыл алып, өздөрүнүн жеке амбициясын десем оорураак болуп калса керек, жеке кызыкчылыктарын четке кагып, ошол терроризм же башка глобалдык коркунучтун негизинде башын бириктирсе болот. Бул убакытты, дипломатиялык чеберчиликти, интеллектуалдык аракетти талап кылган жумуш. Муну четке какканга болбойт, өтө керектүү идея экен, иштесе болот.

— Аймактагы өлкөлөр экстремисттик күчтөргө кантип биргелешип күрөшүүдө? Ушундай аракеттер болуп жатабы?

— Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экстремизм коркунучун, террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттер Жамаааттык коопсуздук келишими (ЖККУ) уюмунун, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында  жүрүп жатат. Мындан тышкары өкмөттөр аралык, ар бир мамлекеттердин тиешелүү кызматтарынын ички өз ара мамилелеринин негизинде бир тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууда. Бирок көпчүлүк учурда экстремизм эмес, саясый жактан алганда ошол эле биз айткан ЖККУ кандайдыр бир деңгээлде аморфтук уюм экендигин көрсөттү. Бул айрыкча акыркы эки жылда эки жолу кайталанган бул уюмдардын мүчөсү болуп саналган кыргыз-тажик чек ара чатагында, армян-азербайжан чатагынан улам көрүнүп калды.

23-ноябрда Ереванда болгон ЖККУ лидерлеринин жолугушуусунда Армениянын премьер-министри Н. Пашинян кээ бир келишимдерге кол койбогондон кийин, айрым уюмга мүчө болгон мамлекет жетекчилеринин ЖККУнун ишмердүүлүгүнө кээ бир сындарын айтуусу менин оюмча бул уюмдун ишмердүүлүгүнө терс пикирлерди жаратты. Мындан тышкары орус-украин конфликти да өз таасирин тийгизүүдө. Бирок экстремизм коркунучу, радикализм маселесине келгенде бул уюмдардын алкагында иштеш керек. Жеке эле ЖККУ, ШКУнун алкагында эмес, БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын алкагында көп форматтуу иш жүргүзүү зарыл.

— Айрым маалымат каражаттарында Афганистандагы экстремисттик, террордук уюмдар Борбор Азия аймагына трансформацияланып жаткандыгы айтылууда. Бул маалыматтар канчалык деңгээлде чындыкка дал келет?

— Мындай божомолдор атайын коопсуздук уюмдарынын өз ара маалымат алмашуусунун негизинде айтылса керек. Чындап айтканда, бул коркунучтарды четке какса болбойт. Себеби “Талибан” кыймылы да акырындап өз бийлигин чыңдоодо. Ошол эле учурда “Талибандын” айланасында өтө талаштуу маселелер да көп. БУУ баш болгон эл аралык уюмдар, көпчүлүк мамлекеттер “Талибанды” соттун чечими менен экстремисттик уюм деп, ишмердүүлүгүнө тыюу салып койгон. Эми маселени укуктук талаага алып келиш үчүн ошол эле БУУ жана башка уюмдар менен мамлекеттерде өз чечимдерин өзгөртүп, иштешиш керек. Каалайбызбы, жокпу, Афганистанда бийликке “Талибан” келип, бул өлкөнүн миллиондогон калкын башкарууда. Ошондуктан бир диалогго келүү зарыл. Афганистандын аймагындагы  “Ислам мамлекети” жана башка ага жамаатташкан салафий уюмдардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынбагандыктан, булар акырындап өзүнүн ишмердүүлүгүн трансформациялап, биздин аймактарга өтүп кетишин жокко чыгарса болбойт. Бирок бүгүнкү күндө ошол уюмдардын биздеги “уктап жаткан” ячейкалары белгилүү деңгээлде кооптонуу жаратат. Экстремизм, радикализм көйгөйү менен жергиликтүү бийлик, мамлекеттик, диний уюмдар биргеликте иштешиш керек. Бул маселени эч качан күч менен чечсе болбойт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, террордук же экстремисттик уюмдардын катарына “тартылуусу” көптөгөн факторлорго байланыштуу. Буга бул жаттагы катаал мыйзамдар, жарандардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү, күнүмдүк жашоодогу, экономикадагы кыйынчылыктар, коррупциянын деңгээли, айрыкча жаштарды бул уюмдардын катарына кошулуп кетүүсүнө өбөлгө түзүп коёт. Андыктан качан гана ушул социалдык маселелерди чечкенде, жарандарыбыздын экстремисттик топторго кошулуп кетүүсүнүн алдын алууга болот.

— “Талибандын” Афганистанда бийликке келгендигине эки жыл болду. Бул уюм өлкөдөгү террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн ооздуктай алдыбы?

— Жогоруда айтылгандай, бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугунун көңүл борбору февраль айынан бери Афганистанда бийлик жүргүзгөн “Талибанга” эмес, орус-украин конфликтине өтүп кетип, ал экинчи маселедей болуп калды. Анткен менен бул аралыкта “Талибан” өзүнүн бийлигин чыңдап алды. Албетте, Афганистанда азык-түлүккө, элдин турмушуна  байланышкан бир топ эле көйгөйлөр бар. Эми булар бийлигин чыңдоо үчүн башка эл аралык уюмдар менен ачык болбосо да жашыруун түрдө  кызматташууга барышы мүмкүн.

— “Талибанды” дүйнөдө эч кайсы мамлекет тааныган жок. Ал эми биз, чектешкен Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгы кандай деңгээлде болуш керек?

— Бул жерде биздин экс-президентибиз Роза Отунбаева БУУнун Афганистан боюнча атайын өкүлү болуп барышы жөн жерден эмес деп ойлоймун. Президенттин өзгөчө иштер боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков да Афганистан боюнча мыкты адис. Алар биздин бийликке өздөрүнүн кеңештерин айтып жатышса керек. БУУнун жетекчилиги  да “Талибандын” Борбор Азияга кооптуулугун билип туруп Р. Отунбаеваны Афганистанга атайын өкүл кылып дайындады окшойт. Андыктан биз каалайбызбы, каалабайбызбы, турмуштук жагдайыбыз алар менен кызматташууга мажбур кылууда.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button