Бул окуя тууралуу Куранда минтип айтылган: “Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: Бир кезде экөөсү (Аллахтын ыраазылыгы үчүн, кол астындагы нерселерден) курмандык кылып, ал курмандыктар биринен кабыл болуп, экинчисинен кабыл болбой калды. Ал (курмандыгы кабыл болбой калган) бала айтты: “Мен сени өлтүрөмүн!” (Экинчиси) айтты: “Аллах такыба кишилердин гана курмандыгын кабыл алат. Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол салбаймын. Мен Ааламдардын Роббисинен коркомун. Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кайтып, тозок ээлеринен болуп калышыңды каалаймын. Заалымдардын жазасы – ушул”. Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүрдү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды. Аллах ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Заалым баланын көз алдында эки карга тытышып, бир өлөт да, өлтүргөнү тырмагы менен жерди чукуп аны көмүп салат. Ошондо) ал: “Оо, шорум курусун!” Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргадай көмө албадымбы?” – деп бушайман кылуучулардан болду”. (Мааида, 27-31-аяттар).
Бул окуяда Адам атанын балдары Кабыл менен Хабил жөнүндө айтылган. Шайтандын азгырыгы менен көралбастыкка алдырган Кабыл бир тууганы Хабилди өлтүрүп коёт. Бул адамзаттын тарыхындагы алгачкы адам өлтүрүү болгон. Кабыл бир тууганынын сөгүн ар бери көтөрүп бир топ убакыт жүрөт. Ошол убакта Аллах Таала ага эки карганы жөнөтөт. Алардын бир экинчисин өлтүрөт да, дароо жерди чукуп көмүп салат. Аны көргөн Кабыл да, бир тууганынын сөөгүн жерге жашырат. Бул окуядан улам суроо пайда болот. Эмне үчүн Аллах Таала адамга мугалим кылып каргадан башка жаныбарды жиберген жок?
Биология илиминин изилдөөсү боюнча, карга канаттулардын эң зээндүүсү жана айлакери. Өз көлөмүнө салыштырмалуу мээси эң чоң канаттуу – карга болуп эсептелет. Каргалардын жашоо мыйзамында жазалоо түшүнүгү бар. Эгерде, бир карга мыйзамды бузса, алар аны жамаат менен жазалашат. Баарынан таң калыштуусу, ар бир кылмыштын өзүнө жараша жазасы болгондугунда:
– Эгерде жаш балапандан тамак тартып алса, башкалар анын канатын жулуп, дал ушул балапан сыяктуу учууга жөндөмсүз кылып салышат.
– Эгерде салынган уяны тартып алса, аны жаңы уя салып берүүгө мажбур кылышат.
– Эгерде ургаачы каргага зыян жеткирсе, аны чокуп жана тытып өлтүрүшөт.
Алардын жазалоо өкүмү талааларда, жалпы каргалардын жыйынында өтөт. Кызыгы күнөөкөр карга эч качан каршылык көрсөтпөйт. Ал эми, өлүм жазасына тартылган карга эч качан жер бетинде калбайт. Аны атайын жерди чукуп көмүп салышат. Өлүктөрүн жер үстүнө калтырбаган канаттуу карга болуп эсептелет. Ошондуктан, Аллах Таала өлүктү көмүүнү үйрөтүү үчүн карганы жиберген. Бул, Аллах Тааланын чексиз даанышмандыгын дагы бир жолу далилдеп турат.
//
The post Адам баласы өлүктү көмүүнү каргадан үйрөнгөнбү? appeared first on FORMULA.KG.
October 04, 2015 at 06:04PM