✍🏻Муслим өз «Сахихинде» Аллахтын Элчисинин (с.а.в) мындай дегенин кабарлайт:
«Ар бир оорунун шыпаасы бар, ошондуктан, эгерде ооруга ылайыктуу дарыны пайдаланса, анда, ошол дары ал ооруну айыктырат, инша Аллах»
Мындан сырткары, эки «Сахихте» тең Аллахтын Элчисинин (с.а.в) мындай деп айтканы кабардалат:
«Аллах Таала шыпаасы жок эч бир ооруну түшүргөн эмес»…
📍 Имам Ахмаддын кабарлоосу боюнча Усама ибн Шурайк (р.а.) айтат: «Бедуиндер Аллахтын Элчисинин (с.а.в) алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бизге дары издегенге болобу?» -деп сурашканда, мен анын жанында элем. (Ошондо) ал айтты:
«Ооба (болот) оо, Аллазтын кулдары шыпаа издегиле, анткени Аллахтын кулдары! Шыпаа издегиле, анткени Аллах эч бир ооруну шыпаасыз жараткан эмес, бирок бир гана оорунун шыпаасы жок». Тигилер сурашты: «Ал кайсыл оору?» Ал (с.а.в) айтты: «Карылык». ..
📍 Имам Ахмад «Муснадда» Аллахтын Элчисинин (с.а.в) мындай дегенин кабарлайт:
«Аллах Таала эч бир ооруну шыпаасыз жараткан эмес. Бирок анын (шыпаалуу) дарысын билгендер билишет, билбегендер — билишпейт…..»
«Муснадда» жана эки «Сунанда» (Тирмизи жана Ибн Мажа тарабынан) Абу Хумазанын (р.а) мындай дегени кабардалат: «Мен: «Оо, Аллахтын! Биз колдонуп *»рукиййа»* (илахий шыпаалар жана исламий дуа’лар менен дарылоо ыкмасы), биз ичип жаткан дарылар, биздин (оорулардан) сактанууга жасаган аракеттерибиз, (кыскасы) булардын баары Аллахтын жазган тагдырын өзгөртө алышы мүмкүнбү?» Ал (с.а.в) айтты:
«Булар — Аллах жазган тагдырдын бир бөлүгү».
Бул хадистердин баары бул дүйнөдөгү баардык нерселердин пайда болуу себеби да, жана ал себептерди жок кылуучу каражаттар да бар экенин көрсөтүп турат.
📘 «Мухаммад пайгамбарыбыздын с.а.в медицинасы» китебинен.
🧕Даярдаган: Махарам Муслима.
Эскертүү!!! Макаланы башка тармактарга таркатууну кааласаңыз өзгөртүүсүз таркатыңыз! Аманат!!!
________________________________________
Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻
📲WhatsApp: +996 555 401 133
📲+996 778 503 695
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG