Эң оор бир иш бар, сыр сактоо деген… Ушул колуңдан келсе зоболоң көтөрүлөт, ишеним үстүндө болосуң. Эгер колуңдан келбесе досуңду душман, тууганыңды жат кылып, ишенимден чыгасың. Сыр сактоо кычыроон кышта бийик жардын кырындагы жалгыз аяк тайгак, муз жолдо баскандай эле. Анда сапарын улагандар аз, кулагандар көп…
Эгер ар бир адам сырдын тек гана купуя маалымат эмес экенин, ал бирөө үчүн терең мааниге, касиетке ээ ичтеги эпкиндүү, жандуу түпөйүл акыбал болорун, ал акыбал жан дүйнөнү аңтар-теңтер кыла, бирде бороон-чапкынга, бирде буркан-шаркан толкунга айлантып турарын, кандай болгон күндө да жанар тоонун оту сыяктуу сыртка, эркиндикке жол издерин, эгер жол таап чыгып кетсе же кууралыңа же жыргалыңа себеп болуп тагдырдын тараза ташына коюларын түшүнгөндө, өзгөнүн сырын каракчыдан жашырган жакуттай аздектемек…
Адам көп, бирок жалгызсың…
Азыр бизге «сырга бекем» деген кесипке тарбиялоочу мектептер керек болуп турат. Юрист, дарыгер, бухгалтер сыяктуу эле аманатчыл, сыр сактоочу деген дипломдуу инсандар көбөйсө, атаганат. Анткени сырдашар, муңдашар киши таппай, сыр катуунун ачуу азабын, оор жүгүн жападан жалгыз көтөрүүдөн чарчап, бели мертингендер бар. Өспүрүмдөрдүн арасында өзүн өзү өлтүрүү (суицид) фактылары көбөйүп баратканынын бир себеби, балким, ушундадыр. Өткөөл куракта ар кандай жагдайларды, өмүрдөгү чукул өзгөрүүлөрдү өтө сезимталдык менен кабыл алып, мүнөзү татаалданган өспүрүм өз чөйрөсүнөн аны уккан, түшүнгөн адам таппай, өзүн жалгыз сезип, жүрөгү сыгылып, стресске кабылбай койбойт. Канча ата-эне миграцияда. Балдары менен чогуу жашагандар арасында деле өз уулунун же кызынын курактык психологиялык көйгөйүн таптакыр көңүл сыртында калтыргандар четтен чыгат.
Бир сунуш
Андай болсо, бала менен сырдаш болуу милдетин аркалай турган катмар түзбөйлүбү. Баланын жанына жай, көңүлүнө бейпилдик бербеген бекем сырды, ичтеги калайманды угууга даяр, акылдуу, билимдүү, ийгиликтүү, сырга бекем жана демилгелүү студенттер жана жаштар менен «Сырдаш бололу» акциясын баштасак кантет?
Жол-жобосу жөпжөнөкөй. Ыктыярчылар тандалат жана катары улам толуктала берет… Кеңешке, насаатка, сыр бөлүшүүгө муктаж жаштар жана мектеп окуучулары чала турган «Сырдашуу» телефон номерлери, социалдык түйүндөрдөгү статустар жана электрондук даректер аныкталат, WatsApp тайпалар түзүлөт… «Сырдаш бололу» аттуу кыска роликтер даярдалып, мүмкүн болушунча таркатылат… Кандай учурда кантип байланышуу керектиги тууралуу маалымат айтылат… Сыр бөлүшүүгө муктаж окуучу же өспүрүм жашаган жери, жынысы, курагы, карманган баалуулуктары ж.б. боюнча ылайыктуу ыктыярчыга табышталат… Ал ыктыярчы менен кааласа таанышып, жолугуп, болбосо белгисиз бойдон калып, телефон же интернет аркылуу баарлашса болот…
Адеп ченеми
Сырдашууга муктаж адамдын жан дүйнөсү ушунчалык назик болот. Ошондуктан алар менен баарлашууда адеп ченемдерин кармануу жаман болбос эле.
Кепти дайыма жылуу салам менен жылмайып баштоо шарт. Бетме-бет келгендеги жылмаюу, жарык кабак, ак дилден берилген салам дароо адамдын жүрөгүнө жылуулук тартуулайт, ишеним жаратат. Ал тургай телефон же интернет түйүнү аркылуу сүйлөшкөндө да адамдын жылмайып турганы кадимкидей сезилип, көңүлдү көкөлөтөт.
Мүмкүнчүлүк болсо, сырдаш менен жолугушуу керек. Анткени көздөрдөгү мээр бири-бирине өтүшөт. Сөздөр да өтүмдүү, татымдуу болот…
Жолуга турган болсок сырдашка аз да болсо белек камдап алалы. Анткени белек беришүү — адамдык сүйүүнү күчөтөт, жүрөктөрдү жибитет.
Алгач сырдашты сабыр кылып уга билүү талап. Армандуу тагдырды баяндоо кээде сааттарды алышы мүмкүн. Ооба, убактыңыз, демек, өмүрүңүз кетип жатат. Бирок бул убакыт текке кетпегенин, бир адамдын бактысы, көңүлү жана өмүрү үчүн арналып жатканын унутпайлы. Балким, угуп эле коюу бир адамды кордуктун, ызанын жана азаптын сазынан кубанычтын, бакыттын сересине чыгарар. Кеңешти же насаатты, жок дегенде көңүл көтөрчү жылуу сөздү маектеш сүйлөп бүткөн соң гана айтуу туура. Адегенде, ичтеги жалын бөксөрсүн, думуктурган түтүн сөзгө айланып сыртка чыгып кетсин.
Позитивдүү сөз сүйлөйлү. Сөз бир айтылганы менен эпкини узак убакытка чейин көңүлгө орноп, жүрөккө сиңип кала берет. Эми эле угулган окуя канчалык аянычтуу, оор жана кайгылуу болбосун, адегенде сырдашка боор тартканыбызды, анын акыбалына түшүнгөнүбүздү билдирип, андан соң жагдайды жакшылыкка жоруу менен кеп учугун уласак, буюрса, баары жайында болот.
Сындабайлы, айыптабайлы. Көбүнесе адамды анын билип же билбей жасаган кыңыр иши кыжалат кылат. Күнөө иш — убагында таттуу, кызык, туура көрүнсө да аягы келип айтып бүткүс арманга, өзөктү өрттөгөн өкүнүчкө айланып өксүтөт. Эгер сырдашыбыз ошондой окуяларын ачылып айтса айыптай көрбөйлү. Абийири кыйнап жүргөн неме өлгөндүн үстүнө көмгөндөй болбосун. Адамдан үмүт үзүп болбойт. Селсаяктан падышага, зулумдан олуяга, сабатсыз караңгыдан аалымга айлангандар толтура…
Чын ыклас менен комплименттер айтылсын. Ар бир адамдын бир көргөндө эле бадырая байкалчу, болбосо издесең табылчу мыкты сапаттары мол. Ошонун айрымдарын гана белгилей кетсек, өспүрүмдүн көңүлү өсүп, өзүнө карата ички ишеними курчуйт. Томас Эдисон, Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар апаларынан уккан асыл сөздөргө кулактары канбаганда анчалык ийгилик чокуларын, балким, багынта алышмак эместир. Сөз сүрөйт, сөз эм болот, сөз дем болот…Сырдаш бош калбасын. Боштук адамды мөңкүрөтүп, жашоого болгон кызыгуусун өчүрүп таштайт же тири укмуш кылмыштарга аралашуусуна себеп болот. Жаштыкка боштук кошулса олуттуу көйгөйлөр ошол жерден башталат. Бирдеме менен алек болгондо гана адам өзүн адам сезет, руханий канааттануу табат, өсөт, өнөт, кубанат. Ошондуктан керектүү китептерди таап берели. Окуган соң аны менен талкуулайлы. Спорт клубдары же тил, сабак курстары болсо кызыгып баргандай кылып шыктандыралы.
Өзүбүздү өстүрөлү. Ар бир тагдырга танапташ болуу — чоң тажрыйба. Ал үчүн акыл жана рух көрөңгөбүздү улам жаңылап жана толуктап туруубуз керек. Сырдаштын көйгөйүн чечип, көңүлүн жетилтүүгө себеп болчу китеп окуп, акылман жана билимдүү адамдар менен кереге кеңеш куруп туруу абзел.
Аманат сырды эч кимге ачпайлы. Жашырганды, сактаганды билели. Сыр сактоо ушунчалык оор болуп баратса тоого чыгып гүлгө же караңгы түнгө, болбосо шар агып жаткан сууга айталы. Алар адамдай эмес, шылдың, таба кылып ушакка айлантпайт. Угары менен унутат…
Сырдаш бололу…