Макалалар

Хизр (Кызыр же Кыдыр) алайхис салам туурасында эмне билесиз?

Хизр алайхиссалам жөнүндө айтылган сөздөр өтө көп. Бул сөздөрдүн ичинде чындыкка жакынынан алысы көп. Көпчүлүктүн арасында Хизр алайхис салам түбөлүктүү (кыяматка чейин) бир зат болуп, ал киши кимге көрүнсө, кимге назары түшсө ошол пенденин каалаган нерсесинде жардам берет экен, Хизр алайхис саламдын баш бармагынын сөөгү жок экен, балан жерде бирөөгө көрүнүптүр, баланчаны Кыдыр даарыптыр, андай болгон экен, мындай болгон экен сыяктуу өтө эле көп.

Мындай сөздөрдүн тез-тез козголуп, эл ичине тарашы, көпчүлүк аалымдарга мына ушул суроого окшош суроолордун берилүүсү да жалпыга маалым.
Аалымдарыбыз айтат, Хизр алайхис салам жөнүндөгү суроолор, миш-миштер, кеп-сөздөр адамдарда заматта байып кетүү, заматта өз көйгөйлөрүн чечип алуу жана башка ушул сыяктуу аракетсиз, тезирээк максатка жетишүүнү каалоосу өрчүгөн учурда көбөйөт.

Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү же максатына оңойлук менен жетишүүнү каалаган кишилер Хизр алайхис саламды издеп калышат. Хизр алайхис салам жөнүндө аалымдарыбыз да көп талашып тартышкан.
Жогорку суроо сыяктуу «Хизр алайхис салам өзү негизи болгонбу?» деген суроо аз да болсо кээде учурап калат. Ал эми анын болгондугу жөнүндө аалымдар ортосунда эч кандай талаш жок. Хизр алайхис салам болгон, ал киши жөнүндө Куранда «Кахф» сүрөсүндө айтылган.

Бул окуяны муфассир (Куранды тафсирлөөчү) аалымдарыбыз «Муса алайхис салам жана салих пенде окуясы» деп баяндашат.
Анткени Куранда Хизр алайхис салам «Хизр» наамы менен аталган эмес, балким «салих пенде» деп аталган. Мына ушул окуяда Муса алайхис салам күндөрдүн биринде Бани Исраил (жөөттөр) коомунун ичинде үгүт-насаат, баян кылып жатканда, адамдардан бири «Эй Муса, бул дүйнөдө сизден да билимдүүрөк адам барбы?» деген суроо берет. Ошондо Муса алайхис салам жооп бере албай бир азга ойлонуп калат. Ушул окуядан кийин Аллах таала «Ар билимдүүнүн үстүнөн дагы да билимдүүрөк бар» деген кабарды берип, Муса алайхис саламга өзүнөн көрө билимдүүрөк адам бар экендиги, аны издеп табуунун зарылдыгы, тапкандан соң ал кишиден кээ бир нерселерди үйрөнүп билип алуу керектигинин да кабарын берет.
Мына ошондон кийин Муса алайхис салам кызматчы жигиттери менен бирге тамак-ашын камдап алып жолго чыгат жана Аллах ага билдирген жайдан ошол салих пендени издеп табат. Анан андан: «Аллах сага билдирген нерселерден мага үйрөт», деп суранат. Салих пенде «Менин шарттарым оор, ага сабыр кылып чыдашың керек», дейт. Муса алайхис салам сабыр кылууга убада берет.
Алардын мына ушул маеги жана келишими суунун жээгинде болду. Андан соң экөө кемеге чыгып жол тартышат. Жолдо бара жатып салих пенде кемени тешип коёт. Ошондо Муса алайхис салам сабыр кыла албай «Бизге жакшылык кылган, сапарыбызда жардам берген, суудан өткөрүп койгон адамдын кемесин эмне себептен тешесиз, эмнеге ага зыян бересиз», деген мааниде наарызы болгондой түрдө суроо берет. Анда салих пенде: «Мен сага сабыр кыла албайсың дебедим беле», дейт. Муса алайхис салам үзүр сурап, мындан кийин сабырсыздык кылбастыкка убада берет. Куруктукка чыгып баратышканда бир топ жаш балдар ойноп жаткан болот. Ал балдардын ичинен бир уул баланы чакырып салих пенде бир муштап өлтүрүп коёт. Муса алайхис салам дагы чыдай албай: «Бейкүнөө баланы эмне үчүн өлтүрдүңүз?», деген нааразылык суроосун берет. Салих пенде: «Мен сага сабыр кыла албайсың дебедим беле», деп дагы айтат.
Ошондо Муса алайхис салам: «Эми дагы бир жолу үзүр сураймын, мындан ары шартты бузсам айып өзүмдө болот», деп кайрадан убадасын берет. Ошол окуядан соң бир айылга барышат. Ал жердин адамдарынан мусапыр экендиктерин айтып, өзөк жалгоо үчүн тамак-аш сурашат. Бирок ал айылдын адамдары аларды коноктобой коюшат. Чарчап-чаалыгып, айылдын сыртына чыгып, тыныгуу үчүн бир четке олтурушат. Ошол жердеги кулап түшөйүн деп турган эскилиги жеткен дубалга көздөрү түшөт.
Салих пенде ордунан туруп барып, дубалды бир сыйра айланып карап чыкты да, Муса алайхис саламды чакырып: «Дубалды бузуп кайрадан тургузабыз», деди. Экөөлөп дубалды бузуп кайрадан тургузушту.
Ошондо Муса алайхис саламдын дагы чыдамы кетип сабыр кыла албай: «Кызык адам экенсиз, эч болбоду дегенде ушул дубалды оңдоп тургузуп койгонубузга акы алсак болмок эле го», дейт. Салих пенде: «Эми чектен чыктың, сага мына ушул жасаган үч ишимдин себебин түшүнтүрүп айтып беремин. Андан соң айрылабыз», деп болуп өткөн үч окуянын себебин-хикматын баяндап ачыктап берди.
«Биринчиси: кемени тешкенимдин себеби, ошол күнү падышанын буйругу чыккан эле. Буйрукта ар бир бүтүн (тешик эмес) кемени өкүмөттүн ыктыярына алынуусу жазылган болчу. Ал эми биздин кемечинин ушул кемесинин себебинен кемечилик кылуудан башка ырыскы табууга жөндөмү да жолу да жок эле. Ошондуктан кемени тешип койдум. Натыйжада кеме айыптуу болуп калды. Тешик кемени өкүмөткө алынбайт. Тешик болсо да кеме кемечинин мүлкүндө калды. Сырттан караганда зыяндуу нерсе болуп көрүнгөнү менен негизинде кемечи үчүн пайдалуу иш болду.
Уруп өлтүрүрлгөн балага келсек. Ал чоңойгондо каапыр болуп, күнөө иштерди жасап, ата-энесинин намысын тепсеп, балээ-апат келтире турган адам болмок. Бирок Аллах таала ал баланын ата-энеси салих болушкандыктан келечекте бул шумпай баланын ордуна аларга жакшы-салих перзент берүүнүн каалады жана бул баланы чоңоё электе (башкаларга зыян бере электе) жанын алып койду.
Дубал жөнүндө айта турган болсом. Ошол дубалдын астында эки жетим баланын аталарынан калган казына көмүлгөн болчу. Алардын атасы салих пенде эле. Андыктан Аллах таала алардын атасынын урматына жетим балдар эрезеге жеткенге чейин алардын казынасына жат бирөөлөрдүн көзү түшпөстүгүн каалады жана дубалды бузуп кайрадан оңдоп тургузууга буйрук берди».
Мына ушул окуя Куранда «Кахф» сүрөсүндө келген. Бирок жогоруда айтканыбыздай, Муса алайхис саламга устаз болгон затты Куран «Хизр» деп атабай «салих пенде» деп атаган. Мына ушул аяттардын тафсиринде Имам Бухарий келтирген риваятта салих пендени «Хазр» деп аталат, биз «Хизр» деп үйрөнүп калганбыз. Мына ушундан Хизр алайхис саламдын бар экендиги, Куранда «салих пенде» наамы менен эске алынганы жана сахих хадистерде «Хазр» жана «Хизр» наамы менен таанылып атактуу болгондугу келип чыгат.

Адамдар мына ушул окуядан «Хизр алайхис салам Муса алайхис саламдан кийин жашап калды, Иса алайхис саламды да көргөн, андан кийин Мухаммад алайхис саламдын доорунда да жашаган жана азыр да тирүү жашап келүүдө» деген сөздөрдү айтышат. Ал кыяматка чейин жашайт» деп ишенишет.
Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, түрдүү окуяларды, деди-дедилерди, риваяттарды келтиришет. Бирок аларга карасак эч ким: «Хизр алайхис салам мага көрүндү, мен Хизрмын деп айтты, мага баландай керемет көрсөттү», деген бир да адам да, риваят да жок. Балким риваяттардын көбү «Баланчага көрүнгөн имиш, төкүнчүгө анткен имиш, дагы бирөөгө минткен имиш» деген миш-миштерден турган, анык кабарга негизделген бир нерсе жок.
Андыктан кийинчерээк кээ бир жалган сөздөр токулгандыгы да бар. «Хизр алайхис салам бар, ал дайыма болот, адамдарга көрүнүп турат» деген аалымдарыбыз да жок эмес. Бул сөздү көбүрөөк кээ бир «суфийлер» айтат. Бирок ачык-айкын Хизр алайхис саламдын тирүү экендиги, кыяматка чейин жашоосу жана адамдарга көрүнүп туруусу жөнүндө Курандан да хадистерден да жана ишеничтүү аалымдардын илимий талкууларынан да далил келтире алышпайт.
Эгер бүгүнкү күндөгү кээ бир адамдар далил келтирип жатышкан болсо да, алардын далилдери туура эмес, токума жана заиф хадистерден алынгандыгы маалым.

Бул жөнүндө «Алманорул мунис фил хадисис сахих вал заиф» аттуу китепте ачык-айкын илимий талкуулар айтылган. Мына ушул китепте Хизр алайхис салам жөнүндө бир риваят айтылып, анын туура эместиги далилденген. Имиштерге караганда, Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мечитте турганда арт жагынан бир сөз угуп калат. Адамдар барып карашса ошол сүйлөгөн киши Хизр алайхис салам имиш.

Экинчи бир токума, жалган, хадис болбосо да хадис деп аталган нерседе «Хизр жана Иляс алайхимас салам экөө ар жылы учурашып турат» деген хадис бар. «Арафатта Жабраил, Микаил жана Хизр алайхис салам учурашып турат» деген токума хадис бар. Булардын баары токума, негизсиз экендиги муътамад (ишеничтүү) хадис аалымдары тарабынан ачыкка чыгарылган. Ибрахим ал-Харбийден (рахматуллохи алайхи) «Хизр алайхис салам дайыма тирүү, түбөлүктүү имиш» деген сөз бар, ушуга эмне дейсиз» деп суралганда: «Адамдардын ичине мындай сөздү шайтан илхам кылган-таштаган, бул шайтандын сөзү», деп жооп берген. Улуу мухаддис аалым Имам Бухарийден Хизр жана Иляс (алайхимас салам) жөнүндө сурап, «алардын экөөсү тең тирүүбү» деп суроо берилген экен. Ошондо Имам Бухарий:

«Бул кандай болуусу мүмкүн, чындыгында Расуулуллох (соллаллоху алайхи ва саллам) «Жаңы жүз жыл киргенде, бир кылым болгондо жер жүзүндө турган кишилерден бири да калбайт», деген го.

Имам Бухарий менен Имам Муслим риваят кылган бул хадисти Хизр алайхис саламдын тирүү эместигине жана ал кыяматка чейин жашабастыгына далил кылышкан. Бул сахих хадис, Имам Бухарий жана Имам Муслим риваят кылган. Демек, жүз жылдын ичинде бир да киши калбайт деген болсо, ошол хадис айтылгандан бери канча жүз жыл өтүп кетти, ким калуусу мүмкүн? Хизр алайхис салам кантип дагы эле тирүү жүрүүсү мүмкүн?
Башка чоң аалымдар да Хизр алайхис саламдын тирүү эместигине, анын кыяматка чейин тирүү калуусу мүмкүн эместигине «Анбия» сүрөсүнөн далил келиришет:

وَمَا جَعَلْنَا لِبَشَرٍ مِنْ قَبْلِكَ الْخُلْدَ ۖ أَفَإِنْ مِتَّ فَهُمُ الْخَالِدُونَ ﴿٣٤﴾

«Биз сага чейин эч кимге түбөлүктүүлүктү берген жокбуз. Кантип эле сен да өлсөң алар түбөлүктүү болуп калышсын», (34-аят)

Мына ушул аятта эч ким түбөлүктүү калуусу мүмкүн эместиги айтылууда. Расуулуллох (соллаллоху алайхи ва саллам) бул дүйнөдөн өтөт экен, Аллахтын сүйгөн пендеси, Аллахтын абзел пайгамбары, бүт пайгамбарлардын имамы болгон зат бул дүйнөдөн өтөт экен, башкалардын өлбөй калуусу мүмкүн эмес.

Ахли сунна вал жамааттын көзгө көрүнгөн аалымдары дагы бир далилди келтиришет. Бул далил өтө күчтүү далил деп эсептелип, анда: Эгер Хизр алайхис салам тирүү болсо, кыямат күнүнө чейин кала турган болсо Расуулуллохтун (соллаллоху алайхи ва саллам) алдына сөзсүз келүүсү керек болчу. Ал затка ыйман келтирүүсү, байъат кылуусу керек болчу, ал заттан таалим алуусу керек жана биргеликте аракет кылуусу керек болчу. Бул иштердин болбогондугунун өзү Хизр алайхис саламдын тирүү эместигине далил.
Хизр алайхис саламдын тирүү эместигине далилдерден дагы бири — Бадр согушу болгон күнү Расуулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) Аллах таалага жалбарып кылган дубасында «Аллохумма ин тахлик хаазихил асаабату лаа туъбаду фил арзи» деген. «Эй Аллахым, эгер мына ушул топ адамдар өлүмгө учураса, Сага жер жүзүндө ибадат кылынбай калат», деген. Өзү менен кошо душманга каршы согушууга даярданып турган 313 кишини көрсөтүп туруп, Аллах тааланын пайгамбары жогорудагы сөздөрдү айткан. Мына ошол 313 кишиден турган Бадр согушунун катышуучуларынын ысымдары, аталарынын ысымдары, урууларынын ысымдары менен тарых китептеринде бирме-бир эскерилип, жазылган. Мына ошолордун ичинде Хизр алайхис салам болгон эмес. Ал киши сыртта турса, Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) жана 313 кишилик топ өлүмгө дуушар болсо, «Жер жүзүндө Аллахка ибадат кыла турган адам калбайт» деп айтуусу мүмкүн эмес эле.
Демек, мына ушул нерселерден ойлоп көрүү керек. Хизр алайхис салам түбөлүк тирүү болуусу мүмкүн эмес.
Аалымдарыбыз айтышат: «Эгер ал кишини түбөлүктүү дей турган болсок, Курандын аяттарын чанган болобуз. Анткени Куранда Аллах таала: «Биз сенден мурда адамзатка түбөлүктүүлүктү бергенибиз жок. Эгер сен өлсөң алар түбөлүк калмак беле?» деп турса.
Аллах таала башка бир аятта: «Ар бир жан өлүм шербетин татып көрөт» деп жатат, мына ушул аяттарга терс-каршы болуп калат.
Эгер «Хизр алайхис салам тирүү, кыяматка чейин турат» дей турган болсок жогоруда айтылган хадистерге да терс болуп болуп калат», дейт аалымдарыбыз. Жогоруда айтканыбыздай эгер Хизр алайхис салам дайыма тирүү болсо Расуулуллахга (соллаллоху алайхи ва саллам) келип байъат кылуусу, ыйман келтирүүсү зарыл болмок.
Мына ушул зарылдыкты Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) өзүнүн башка бир хадисинде баян кылган. Бул хадисти Имам Ахмад ибн Ханбал (рохматуллохи алайхи) улуу сахааба Жабир ибн Абдуллахдан (разияллоху анху) риваят кылган. Анда: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам):

«Аллахка ант, эгер Муса азыр тирүү болсо мени ээрчүүдөн башка нерсе кылуусу мүмкүн эмес», деген.

Аалымдарыбыз айтат, ойлоп көрөлү, Хизр алайхис салам пайгамбар экен, бирок пайгамбар болгондо да Муса алайхис саламдан абзел болуусу мүмкүн эмес. Муса алайхис салам Расуулуллахды (соллаллоху алайхи ва саллам) ээрчүүсү зарыл болуп жатат хадисте айтылгандай, Хизр алайхис саламдын келип ээрчүүсү андан да зарыл болмок.

Бул нерсени да жакшылап билип алуубуз керек. Эгер Хизр алайхис салам олуя болсо анда да келүүсү керек болчу. Себеби Абу Бакрдай улуу, олуя инсандар Расуулуллахды (соллаллоху алайхи ва саллам) ээрчиген, ал кишиге үммөт болгон. Мына ушундай маанилерди айткан аалымдарыбыз, мухаддистер, факихтердин көпчүлүгү » Хизр алайхис салам тирүү» деген сөздөр заиф экендиги, аларды өрчүтүүнүн пайдасы жок экендигин айтышкан.

«Хизр алайхис салам набий (пайгамбар) болгонбу, валий болгонбу» деген суроого талаштуу болгондугу үчүн эки түрдүү жооп берилген: кээ бирөөлөр валий десе, башкалар набий деген. Бирок «набий» дегендердин сөздөрү күчтүүрөк болот, анткени ошол Хизр алайхис саламдын окуясында келген аяттарда, Хизр алайхис саламдын тилинен, «Кахф» сүрөсүндө:

«Мен муну өз башымча оюмдан кылганым жок» деп айтылган сөз бар.

Демек, өзүнчө кылбаган болсо Аллах тааладан вахий келген болот, анан ошол вахийге таянып иш кылган болот. Ал эми кимге вахий келсе ал набий делинет.
Демек, ушундай болгондон соң бул нерселерди жакшы түшүнүп жетишибиз керек, Хизр алайхис салам жөнүндө аалымдарыбыздын талаш кылгандыгы жана ар тараптын далилдерин изилдешибиз керек, мына ошого карап анан жыйынтык чыгарып алабыз.

Жогоруда айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыгарып, ар ким Аллах тааланын Өзүнөн кажетин сурап бара берсе жакшы болот. Хизр алайхис саламды көрүп, ал кишиден бир нерсе суроодон абзели ушул.

Ибадаттарды убагында аткарып, намаздарды чын ыкыластан окуп, дуба кабыл болуу шарттарын издеп таап Аллахтын Өзүнөн суроо тажрыйбадан өткөн акыйкат. Хадистерде «Кажет намазы» жөнүндө айтылган, ошол намазды окуу керек. Аллах таала баарыбыздын кажеттерибизди бүтүрүп берсин! Аамийн!

Макаланын автору:
Шайх Мухаммад Садык Мухаммад ЮсуфАбибилла ажы Кадырбердиев
Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close